Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:59

Израил танктары Рафахтагы коопсуз делген аймактарга киргени кабарланды


Газа тилкесиндеги израил армиясынын танкы.
Газа тилкесиндеги израил армиясынын танкы.

Израил армиясынын танктары Газа тилкесинин Рафах шаарынын батышындагы райондорго киришкенин жергиликтүү тургундарга таянып "Рейтерс" агенттиги жазды. Маалыматка караганда, ал аймак бардык карталарда коопсуз, гуманитардык аймак катары белгиленген.

Жөөт аскерлери Аль-Маваси деп аталган ал районго сокку урганын четке кагышууда. ЦАХАЛдын билдирүүсүнө караганда, алардын башкы максаты Рафахтагы ХАМАС (АКШ менен Евробиримдикте террордук деп таанылган) уюмдун калган бөлүктөрүн жок кылуу. Андан тышкары израил армиясы "максаттуу чалгын операцияларын" улантып жатканын жана 12-июнда бир катар жоочуларды жок кылганын кошумчалады.

Газада согуш башталганы Рафахка бир жарым миллиондой адам качууга аргасыз болгон. Эми ал жакта аскердик операциялар күчөгөн маалда качкындар Хан-Юнис жана Дейр аль-Балах шаарларына чыгып кетип жатышат.

Израил ХАМАС жок кылынмайынча согушту улантарын билдирип келет. Радикал уюм АКШ сунуштаган ок атышууну токтотуу боюнча макулдашуу долбоорун кубаттап, өз өзгөртүүлөрүн киргизди. Хамасчылар жөөт армиясынын Газадан толук чыгып кетишин талап кылууда. Израил ХАМАСтын сунушун четке какты. Ок атышууну токтотуу аракеттери Катар, Египет жана АКШнын ортомчулугу менен уланууда.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG