Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов Кылмыш-жаза кодексинин “Өзгөчө ири өлчөмдө пара талап кылуу” беренеси менен кармалган мурдагы жардамчысы тууралуу “Азаттыкка” комментарий берди. Ал мурдагы жардамчысына козголгон кылмыш ишине тиешеси жок экенин, жоопкерчиликти өзү тарта турганын айтты.
“Буга чейин өйдө-ылдый сөз болгондо мен аны жумуштан кетирип жибергем. Эми мындай да, ар ким кылган ишине өзү жооп берет. Мындай нерсе боло берет экен. Менин атымды сатканбы билбейм. Мен эми аны уурда, ич, же деп айтпайм да. Тескерисинче уурдаба, түз жүр деп айткам”, - деди Бакытбек Жетигенов.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Ош шаарынын мэринин мурдагы жардамчысы А.К.С. аттуу адам ишкерлерден акча талап кылып, алып жүргөн деген шек менен кармалганын 13-июнда билдирген.
Мекеменин басма сөз кызматы кабарлагандай, ал Ош шаарынын мэринин жардамчысы болуп турган учурда кысым көрсөтүп Ош шаарынын борбордук базарынын директорунан ай сайын 400 миң сомдон алып турганы аныкталган.
Кармалган шектүү жана анын адвокаттары комментарий бере элек.
Социалдык тармактарда тараган маалыматтарда кармалган шектүү Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигеновдун мурдагы жардамчысы Каныбек Асанбеков экени айтылууда. Анын аты-жөнү УКМК тараткан инициалга туура келет. (DSh)
Дагы караңыз
Кемпир-Абад иши: абактагылардын жакындары акыйкат чечим чыгарууну талап кылыштыАскат Жетигендин сотунда дагы бир лингвист эксперт сурак бердиАргентинада президенттин реформаларына каршы акциялар кагылышуулар менен коштолдуИзраил танктары Рафахтагы коопсуз делген аймактарга киргени кабарландыАКШ кыргызстандык дагы эки компанияга Орусия менен байланышы үчүн санкция салды Кендирбаева: 12 жылдык билим берүүгө өтүү боюнча саясий чечим кабыл алынган“Росатомдун” адиси Миң-Куштагы кырсык боюнча комментарий бердиОш шаарынын мэринин мурдагы жардамчысы кармалды