Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:05

Ош шаарынын мэринин мурдагы жардамчысы кармалды


Кармалган шектүү. УКМК тараткан сүрөт.
Кармалган шектүү. УКМК тараткан сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Ош шаарынын мэринин мурдагы жардамчысы А.К.С. аттуу адам ишкерлерден акча талап кылып, алып жүргөн деген шек менен кармалганын маалымдады.

Мекеменин басма сөз кызматы 13-июнда кабарлагандай, ал Ош шаарынын мэринин жардамчысы болуп турган учурда коркутуу жана кысым көрсөтүү жолу менен, ошондой эле түрдүү текшерүүлөрдү уюштурууну шантаж кылып, ай сайын Ош шаарынын борбордук базарынын директорунан 400 миң сомдон алып турганы аныкталган.

"Мындан тышкары, ал 2023-жылы И.Н.И. аттуу жарандын 6,4 млн сом акчасын "Эгемендүүлүк күнүнө" жана "Ош шаарынын күнүнө" карата майрамдык иш-чараларды өткөрүү үчүн демөөрчүлөр тарабынан жардам чогултуу шылтоосу менен, алдап ээлеп алган. А.К.С. 2023-жылдын апрелинен декабрь айына чейин кесиптештеринин жана коомчулуктун таасирине жана ишенимине ээ болуп, мыйзамсыз акча алган деп айыпталууда", - деп жазылган маалыматта.

Мэрдин мурдагы жардамчысына 30-май күнү Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 3-бөлүмү ("Өзгөчө ири өлчөмдө пара талап кылуу") боюнча кылмыш иши козголуп, УКМКнын тергөө абагына эки айга камакка алынган.

Атайын кызмат козголгон кылмыш ишинин алкагында бул коррупциялык схемага тиешеси бар башка адамдарга далилдерди чогултуу жана документтештирүү боюнча иштер жүрүп жатканын билдирди.

Соцтармактарда тараган маалыматтарда кармалган шектүү Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигеновдун мурдагы жардамчысы Каныбек Асанбеков экени айтылууда. Анын аты-жөнү УКМК тараткан инициалга туура келет.

Кармалган шектүү жана анын адвокаттары комментарий бере элек. (DSh/ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG