Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июль, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:27

Кендирбаева: 12 жылдык билим берүүгө өтүү боюнча саясий чечим кабыл алынган


Кыргызстандагы мектеп. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргызстандагы мектеп. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда орто билим берүүнү 12 жылга өткөрүү боюнча саясий чечим кабыл алынган. Бул тууралуу билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева 13-июнда Жогорку Кеңештин жалпы отурумунда депутаттардын суроосуна жооп берип жатып билдирди. Министр бул чечим менен STEM системасы аркылуу өлкөнүн бардык мектептеринде бүгүнкү күнү кымбат акы төлөп окуп жаткан менчик мектептердин шартын түзүп берүү максат кылынганын белгиледи.

"Балдар нөлүнчү класста бардык мектептерде милдеттүү түрдө окуп жатышат. Класстар жетиштүү. Мугалимдер алынган. Ал үчүн бюджеттен 900 млн сом бөлүнгөн", - деди министр.

Депутат Жылдыз Таалайбек кызы STEM система оңой эмес акча талап кыларын эскертип, андан көрө эски мектептердин шыбын бүтөп, окуу китептерин толуктоону талап кылды.

Догдуркүл Кендирбаева STEM долбоору мамлекеттик буйрутма экенин эскертип, 53 мектеп инновациялык мектепке айландырыларын белгиледи.

Министрдин бүгүнкү маалыматына караганда, Кыргызстанда 2397 мектеп бар. 80 миңден ашык мугалим иштейт. 1 млн 480 миңден ашуун бала окуйт.

Жогорку Кеңеш 13-июндагы отурумунда Кыргызстандын билим берүү тармагына, анын ичинен 12 жылдык билим берүүгө өтүү боюнча Азия өнүктүрүү банкынан берилип жаткан 40 млн доллар акча тууралуу маселени карады. Маалыматка ылайык, бул сумманын жарымы - 20 млн доллар кайтарылгыс грант түрүндө, калганы 32 жылга 1-1,5 пайыз үстөк менен насыя түрүндө берилет.

Өкмөттүн маалыматына ылайык, акыркы үч жылда 214 жаңы мектеп салынып, пайдаланууга берилген. 2024-жылы өлкөдө 212 мектеп, 50 бала бакча курулуп, ачылары кабарланган.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG