Министрлик Миң-Кушта радиациялык абал туруктуу экенин билдирди

Орусиялык “Росатом” ишканасынын өкүлдөрү Жумгалда уран калдыктарын көчүрүү иштери менен таанышып жаткан учур. Архив.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги Нарын облусунун Жумгал районунун Миң-Куш айылында радиациялык абал туруктуу экенин билдирди.

Мекеме 1-июнда Миң-Куш айылында көпүрөдөн сайга кулаган оор жүк ташыган автоунаа “ЭРН-Строй” ишканасынын автоунаасы экенин, бул окуяга байланыштуу кырсыкты иликтөө боюнча комиссия түзүлүп иштеп жатканын кошумчалады.

Комиссиянын курамына Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Экологиялык техникалык, көзөмөл кызматы, Кыргызстандын тоо-кен металлургия профсоюзу, Саламаттыкты сактоо министрлигинин Ооруларды алдын-алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаментинин радиациалык коопсуздук бөлүмү кирди.

“Комиссиянын мүчөлөрү жеринен радиациялык фонду өлчөп, нормалдуу экенин аныкташты, кооптонууга себеп жок. Андан тышкары, суунун-жердин үлгүлөрүн изилдөөгө алышты. Үлгүлөрдүн жыйынтыгы он беш күндүн ичинде чыгарылат”, - деп айтылат маалыматта.

Министрлик оор жүк ташыган автоунаа сайга кулаганда ичинде жүк болгонбу же жокпу тактаган жок.

Миң-Куш айылында 1-июнда “Туюк-Суу” уран калдыгын сактоочу жайдан уран калдыктарын ташып иштеген “HOWO” үлгүсүндөгү оор жүк ташыган машина кырсыкка кабылып, сайга кулап түшкөн. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) автоунаа кырсыкка учураган маалда бош болгонун, кырсык болгон аймакта радиациянын көрсөткүчүн ченегенде кооптуулук жок деп чыкканын маалымдаган. Ошондой эле машина “Росатомдуку” экенин кабарлаган.

Kaktus.media порталы 9-июнда окуя болгон жерден тартылган видеону жарыялаган. Анда кырсыкка кабылган автоунаадан кандайдыр бир белгисиз затты оор техника башка машинага жүктөп жатканын көрүүгө болот.

Миң-Куш айылында “Туюк-Суудагы” уран калдыктарын “Дальнее” сактоо жайына ташуу иштери 2023-жылдын август айында башталган. Аны орусиялык “Росатом” ишканасы ишке ашырууда.

Буга чейин Миң-Кушта айрым жергиликтүү тургундар уран калдыктарын рекультивациялоого каршы чыгып келген.

2013-жылы уран казып алуу өнөр жайында жабыр тарткан аймактарды рекультивация кылуу боюнча Орусия, Кыргызстан, Казакстан жана Тажикстандын ортосунда келишим түзүлүп, бул программанын координатору жана ишке ашыруучусу болуп орусиялык “Росатом” мамлекеттик корпорациясы дайындалган.

Алар программанын алкагында өлкөдөгү “Кажы-Сай”, “Туюк-Суу”, “Миң-Куш” жана башка уран калдыктары сакталган жайлардан радиоактивдүү топуракты ташып, рекультивациялоо иштерин жүргүзө баштаган.

Миң-Куштагы уран калдыктарынын негизги бөлүгү айылдын үстүндө жайгашкан. Андагы уулуу зат айылды аралап өткөн жол аркылуу ташылат. (BTo)

Дагы караңыз

Милиционер “Тазалыктын” кызматкерин сүзүп кеткен деген шек менен кармалды12 жылдык окууга бала бакчадагы даярдоо да кире турганы айтылдыISW: Орусия өзүн Украинанын соккуларынан коопсуз сезген аймагы 16% гана кыскардыМиң-Кушта “Росатомдун” машинасы кабылган кырсыкты комиссия иликтейт Медицина кызматкерлерине кол салгандар жазаланатПрокурорлор Кемпир-Абад иши боюнча шектүүлөрдү 20 жылдан кесүүнү сурадыОшто Июнь окуясы “Энелердин көз жашы” комплексинде эскерилдиКазакстанда сот кыргыз жаранын Орусиянын өтүнүчү менен камаганы кабарландыЭки жылда чет жактагы мигранттардын саны 143 миңге азайды