Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Июль, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:38

ISW: Орусия өзүн Украинанын соккуларынан коопсуз сезген аймагы 16% гана кыскарды


HIMARS системасы, ATACMS ракеталары.
HIMARS системасы, ATACMS ракеталары.

АКШнын Украинага берген куралы боюнча саясатын өзгөртүп, аны менен Орусиянын Украинага чектеш тилкесиндеги аскердик объектилерге сокку урууга уруксаты туура кадам болгонун, бирок жетишсиз экенин жана Орусиянын масштабдуу операциясын олуттуу үзгүлтүккө учурата албай турганын Согушту изилдөө институту ( ISW ) билдирди.

Уюмдун 10-июнда жарыяланган аналитикалык баяндамасында белгиленгендей, Орусия өзүн Украинанын соккуларынан коопсуз сезген аймагы 16 гана процентке кыскарды. Украина колдонуп жаткан узак аралыкка сокку ура алчу ATACMS ракеталары жете ала турган аймактын дагы 84 проценти уруксат жок болгондуктан “кол тийгис” бойдон калып жатканы белгиленди.

Баяндамада айтылгандай, АКШнын чектөөсү Орусияга ошондой өтө кеңири аймакта өзүнүн аскер күчтөрүн, логистикасын коргоп туруусуна, аларды башкаруусуна, тылды камсыздоосуна шарт түзүп берүүдө жана ошонун баарын ал Украинага каршы колдонууда.

ISW белгилегендей, Орусиянын чабуулдарын олуттуу негизде үзгүлтүккө учуратыш үчүн Украинага Батыш берген курал менен Орусиянын чек арага жакын да, алыскы да аймагындагы тылына сокку урууга мүмкүнчүлүк берилиши зарыл.

Украинага 2022-жылы февралда кол салып, толук масштабдуу согуш ачкан Орусия «атайын аскердик операцияны» ишке ашырып жатканын айтып келет.

Алгачкы бир жылда Украина Батыштагы союздаштарынын жардамы менен орус аскерлеринин чабуулдарына каршы туруп, айрым тарттырып жиберген аймактарын кайтарып алууга жетишкен. Бирок былтыртан бери фронтто абал кыйла өзгөрдү, украин бийлиги Батыш убада кылган жардам убагында берилбей, аскерлеринен да, жерлеринен да айрылып жатканын билдирген.

Украина Орусиянын соккуларын токтотуунун негизги жолу катары анын өзүнүн аймагындагы аскердик объектилерди жок кылууну атап келет. Бул үчүн ал Батыштан жардам иретинде алып жаткан курал-жаракты Орусиядагы объектилерге каршы колдонууга уруксатты көптөн бери талап кылып келди. Мындай уруксат жакында гана бериле баштады.

АКШ президенти Жо Байден 6-июнда ABC News каналына курган маегинде Украина америкалык курал менен Орусиянын аймагына өз чек арасынан эсептегенде 320 чакырым ичинде гана сокку ура аларын, андан аркы аймакка, Москвага жана Кремлге да уруксат жок экенин айткан.

АКШ президентинин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жейк Салливан америкалык CBS News телекомпаниясына курган интервьюсунда Харьков аймагында орус аскерлеринин чабуулу АКШнын уруксатынан кийин дээрлик токтоп калганын айтты. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG