Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Июль, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:46

Милиционер “Тазалыктын” кызматкерин сүзүп кеткен деген шек менен кармалды


“Тазалыктын” кызматкери. Иллюстрациялык сүрөт.
“Тазалыктын” кызматкери. Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкектин Жол кайгуул кызматынын басма сөз кызматы борбор калаанын Москва жана Кулиев көчөлөрүнүн кесилишинен “Тазалык” муниципалдык ишканасынын кызматкерин сүзүп качып кеткен деген шек менен милиция кызматкери кармалганын билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, 32 жаштагы шектүү Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгына өткөрүп берилди. Ал кырсык болгон тапта эмгек өргүүдө жүргөнү такталган. Автоунаасы айып короого токтотулду.

8-июнда Москва жана Кулиев көчөлөрүнүн кесилишинен “Тазалыктын” кызматкерин белгисиз адам машина менен сүзүп качып кеткен. Жабырлануучу ооруканага жаткырылган.

Бишкекте буга чейин да “Тазалыктын” кызматкерлерин жумуш учурунда машина сүзүп кеткен бир нече окуялар болгон. Айрымдары алган жаракатынан көз жумган. Ушундан улам алардын коопсуздугу боюнча маселе көтөрүлгөн. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG