Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Июль, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:15

12 жылдык окууга бала бакчадагы даярдоо да кире турганы айтылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаеванын маалыматы боюнча бала бакчанын даярдоо тайпасындагы мектепке даярдык жылы да 12 жылдык окуунун курамына кирет жана бала 1-класста окуду деп эсептелет.

Министр бул тууралуу Жогорку Кеңештин Социалдык саясат комитетинин 10-июндагы жыйынында депутат Гүлкан Молдобаеванын суроосуна жооп берип жатып билдирди.

Анын сөзүнө караганда, азыркы 0-класс 1-класс деп аталат, бала бакчалардагы даярдоо тайпасындагы балдар да 1-класста окуду деп эсептелет.

Жогорку Кеңештин Социалдык саясат комитети жыйында Кыргызстандын билим берүү тармагына, анын ичинен 12 жылдык билим берүүгө өтүү боюнча Азия өнүктүрүү банкынан берилип жаткан 40 млн доллар акча тууралуу маселени карады.

Маалыматка ылайык, бул сумманын жарымы - 20 млн доллар кайтарылгыс грант түрүндө, калганы 32 жылга 1-1,5 пайыз үстөк менен насыя түрүндө берилет.

Улуттук статистикалык комитеттин маалыматына ылайык, Кыргызстанда алты жаштагы 161 776 бала бар. Алардын 80% ашууну 0-класста жана мектепке даярдоочу тайпаларда окушат.

Билим берүү жана илим министрлиги 12 жылдык билим берүү боюнча “Алтын казык” деп аталган жаңы мамлекеттик программаны сунуштаган. Президент Садыр Жапаров жаңы программа мамлекеттин келечегин аныктай тургандай болушу керектигин айткан.

Реформага ылайык, алты жаштагы балдар 100% милдеттүү түрдө мектепте билим алат. 10-11-12-класстарда кесипке багыт берүү иштери башталат.

Мурдагы билим берүү министри Алмазбек Бейшеналиев дагы ушундай системаны демилгелеген. Ал мунун максаты мектептерди эл аралык стандартка ылайыкташтыруу, чет өлкөгө окууга баруу үчүн ыңгайлуу шарт түзүү деп түшүндүргөн. Бул сунуш социалдык тармактарда кызуу талкууга алынган.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG