Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Июль, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:29

Медицина кызматкерлерине кол салгандар жазаланат


Иллюстрациялык сүрөт,
Иллюстрациялык сүрөт,

Жогорку Кеңештин Социалдык саясат комитети 10-июндагы жыйынында Кылмыш-жаза кодексине жана бир катар мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам долбоорун 1-окууда кабыл алды.

Мыйзам долбоору медицина кызматкерлерине иш учурунда кол салгандардан коргоо жана алдын алуу максатында сунушталууда.

Демилгечилердин белгилешинче, акыркы убактарда Кыргызстанда медициналык мекемелерде кызматкерлерге кол салуулар арбыганы маалымат каражаттарында, социалдык тармактарда көп жарыялана баштады.

Мыйзам долбоорунун авторлорунун бири, социалдык саясат комитетинин төрайымы Винера Раимбачаева маалымдагандай, Кылмыш-жаза кодексине "Медицина кызматкерлеринин кесиптик ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө тоскоолдук кылуу" деп аталган жаңы берене киргизилет.

"Медицина кызматкеринин ден соолугуна жеңил залал жана олуттуу эмес материалдык чыгым келтирилген учурда 200-500 эсептик өлчөмгө чейинки айып пул салынат. Ден соолугуна оор залал келтирүү жана олуттуу материалдык чыгым келтирилген учурда 500-100 эсептик өлчөмдө айып пул салынат же 1-3 жыл эркиндигинен ажыратылат", - деп билдирди Винера Раимбачаева.

Эгерде өзгөчө оор залал келтирилип, өзгөчө олуттуу материалдык чыгымга алып келсе, 2-5 жылга, бейтаптын ден соолугуна өзгөчө оор залал келтирилсе 5-8 жылга эркинен ажыратуу жазасы каралат.

Бузуулар кодексине өзгөртүү киргизүү сунушуна ылайык, медициналык кызматкерлерге кесиптик ишмердүүлүгүн көрсөтүүгө шылдыңдап-мазактоо, кемсинтүү, уят сөздөр менен сөгүү, анын ичинде жалпыга маалымдоочу каражаттар же социалдык тармактар аркылуу жасалса, 10 миң сом айып пул жазасы каралат.

Медицина кызматкерине иш учурунда кол салгандарга жазаны күчөтүүнү сунуштаган мыйзам долбоору 3-мартта коомдук талкууга чыккан. Бир нече ирет коомдук угуулар өткөн.

19-февралда Бишкектеги Улуттук госпиталдын Травматология бөлүмүнүн медайымын бейтаптардын биринин тууганы сабаган.

Февралдын башында Ош облустук психиатрия жана наркология борборунун дарыгерлерин бейтаптын жакындары ур-токмокко алган. Ак халатчандарды урду деп айыпталган адамды милиция кармап, кийин ал үй камагына чыккан. Былтыр сентябрда Кара-Суу районунда “Тез жардамдын” догдурлары кол салууга кабылган.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG