Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июль, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:25

Казакстанда сот кыргыз жаранын Орусиянын өтүнүчү менен камаганы кабарланды


Кыргыз-казак чек арасындагы Чалдыбар өткөрмө бекети. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргыз-казак чек арасындагы Чалдыбар өткөрмө бекети. Иллюстрациялык сүрөт.

Казакстандын соту Кыргызстандын жараны Алина Горшенинаны Орусиянын өтүнүчү менен камакка алганын Rusnews агенттиги жазды. Маалыматка ылайык, Горшенина Москва облустук соту Елена Морозова менен прокурору Елена Колоскованы коркуткан деп айыпталууда.

2021-жылы 18-январда судья Елена Морозова Орусияга Германияда дарыланып жүрүп, кайтып келген Алексей Навальныйды камакка алган. Соттук отурумга прокурор Колоскова да катышкан.

Алина Горшенинанын апасы Лариса Горшенина кызын 2023-жылы Подмосковьеде сотко кол салган деп айыптап жатышканын айтып, бирок ал күнү Алина Ысык-Көлдө жүргөнүн, Орусияга акыркы жолу алты жыл мурда гана барганын белгилөөдө.

Алина Горшенина 1-июнда Кыргызстан менен Казакстандын чек арасында кармалган. Апасы Лариса "Новости Бишкека" агенттигине кызы менен чогуу Алматыга эс алганы бара жатканын айткан. Анын сөзүнө караганда, Казакстан соту кызын Орусияга экстрадициялоону чечкен. Rusnews агенттиги болсо Алина Горшенина сот чечими менен 40 суткага камалганын, аны Орусияга өткөрүп берүү маселеси талкууланып жатканын жазды.

"Медиазона" басылмасы аныктагандай, Горшенинанын аты Орусия Ички иштер министрлигинин (ИИМ) издөө жарыялангандар базасында былтыр 27-декабрдан кеч эмес пайда болгон. Rusnews агенттиги Алина Горшенинага кылмыш иши 2023-жылы июнда козголгонун жазды.

Горшенинанын апасынын айтуусунда, иштеги материалдарга ылайык, Орусия бийлигинин өкүлдөрүн коркутуулар белгисиз телефон номурлардан болгон. Лариса Горшенина Тергөөчүлөр ал номурларды кызына таандык деп чечишкенин түшүнбөй турганын кошумчалады.

Апасы кызынын жалгыз бой эне экенин, мээсинде шишик бардыгын жана бөйрөгү ооруй турганын айтууда.

Маалыматты Казакстандын сотунан тактоого азырынча мүмкүң эмес.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG