Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июль, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:35

Эки жылда чет жактагы мигранттардын саны 143 миңге азайды


Орусиядагы мигранттар. Иллюстрациялык сүрөт.
Орусиядагы мигранттар. Иллюстрациялык сүрөт.

Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаментинин директорунун орун басары Бакыт Кадыров 2022-жылы чет өлкөлөрдө Кыргызстандын 800 миңден ашык жараны эмгектенип жүргөнүн, ушул тапта алардын саны 657 миңге чейин азайганын билдирди.

Бул тууралуу ал 10-июнда “Биринчи радионун” эфиринде журналисттин суроосуна жооп берип жатып айтты. Жыйынтыгында эки жылда эмгек мигранттарынын саны 143 миңге чейин азайган.

“2022-жылы Орусияда 587 миң болсо азыр 411 миңден бир аз ашат. Биздин байкоо боюнча консулдук эсеп каттоодон өткөндөрдүн арасында Араб өлкөлөрүндө 100 миңден ашык жараныбыз жүрөт. Андан тышкары Түштүк Кореяда буга чейин 8 миңден ашык кыргыз жараны болсо азыр алар 15 миңге жетип калды. Ошондой эле Европага кеткен эмгек мигранттары да көбөйүп жатат” , - деди ал.

Бул сандар консулдук каттоодон өткөндөргө гана тиешелүү. Бейрасмай маалыматтарда башка көрсөткүч болушу мүмкүн.

Жакында эле Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов 2020-жылдагы пандемиядан кийинки мөөнөттө чет өлкөдө жүргөн 300 миңдей кыргызстандык мигрант өлкөгө кайтканын айткан.

Президент Садыр Жапаров 30-майда Фейсбуктагы баракчасына Кыргызстанда жумушчу күчү жетишпей жатканы жөнүндө кайрылуу жасап, соңку эки жылда айрым кийим тигүү, курулуш компанияларынын иши токтой баштаганын жазган. Мамлекет башчы Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги сунуштаган жумуштарда айлык 20-30 миң сом экенин, иштин көлөмүнө жараша андан көп болорун айткан.

Коомчулукта Кыргызстанда кымбатчылык экенин, бул каражат бир айлык жашоого жетпей турганын айткандар болду. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG