Максат Мамытканов Кыргызстандын Азербайжандагы элчиси болду

Максат Мамытканов.

Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын Азербайжандагы элчиси Кайрат Осмоналиевди кызматтан бошотуп, ордуна Максат Мамыткановду дайындады.

Кайрат Осмоналиев бул кызматка 2021-жылы дайындалган.

52 жаштагы Максат Мамытканов 2007-жылга чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетте (УКМК) эмгектенген. Бир учурда атайын кызматтын экономикалык чалгын башкармалыгында жетекчилик кызматта иштегени жөнүндө маалымат бар.

Кийин ал жергиликтүү маалымат каражаттарында экономика, коопсуздук жана саясат багытында эксперттик пикирлерин байма-бай айтып, көбүнесе бийликти сындап келген.

2020-жылы жыйынтыгы жокко чыгарылган Жогорку Кеңешке шайлоодо “Чоң Казат” партиясы менен катышкан. 2020-жылы Октябрь окуясынан кийин вице-премьер-министр болгон. 2021-жылы Кыргызстандын атынан Евразия экономикалык комиссиясына (ЕЭК) министр болуп дайындалган. (BTo)

Дагы караңыз

Түнкү клубдун күзөтчүсү менен официанты баңгизат сатууга шектелип кармалдыӨзбекстанда “Алга, Каракалпакстан” экстремисттик уюмдардын катарына кошулдуАдахан Мадумаровдун иши боюнча сот 10-июнга жылдырылдыОрус армиясы Украинанын аймагына жапырт сокку урдуЫсык-Көлдө экологиялык талаптарга жооп бербеген 12 пансионаттын иши токтотулдуЭколог активисттер шаар көчөлөрүндө бактарды кыюуга каршы чыгыштыКазакстанда соттолгон Маркабаев Кыргызстанга которулганы кабарландыБишкек мэриясы 100 троллейбусту Ош шаарына берүүнү сунуштады“РСК банктын” аталышы “Элдик банк” болуп өзгөртүлдү