Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Июль, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:57

Орус армиясы Украинанын аймагына жапырт сокку урду


Киевге дрондор менен сокку урулуп жаткан маал. 30-май, 2023-жыл. Архивдеги сүрөт.
Киевге дрондор менен сокку урулуп жаткан маал. 30-май, 2023-жыл. Архивдеги сүрөт.

Орусиянын армиясы 7-июнга караган түнү Украинанын аймагына ракета жана дрондор менен жапырт сокку урганы кабарланды. Украин армиясынын Аба күчтөрү билдиргендей, 53 жанкечти-дрондун 48и абадан атып түшүрүлгөн.

Андан тышкары орус армиясы соңку чабуулда беш канаттуу ракета колдонгон. Маалыматка караганда, алардын баары маанилүү инфратүзүмдөрдү бутага алууга багытталган.

Киев облустук аскердик администрациясынын башчысы Руслан Кравченко билдиргендей, украин баш калаасында сиреналар төрт саат тынбай жаңырды.

“Аба чабуулдун жыйынтыгында облустагы өндүрүш жайлардын биринде өрт тутанды”, - деди ал. Башка кошумча маалымат берилген жок.

Көптөгөн фото жана видео далилдерге карабастан Орусиянын Коргоо министрлиги жарандык жайларга сокку урганын мойнуна албай, бир гана аскердик объектилерди бутага алганын билдирип келет.

Ошол эле учурда Орусиянын аймагы да дрондордун кезектеги чабуулуна дуушар болду. Расмий Москва маалымдагандай, 7-июнга караган түнү аннексияланган Крым жана Белгород менен Ростов облустарында 28 дрон атып түшүрүлгөн.

Бул чабуулдарды Кремль Киевден көрөт, украин бийлиги Орусиянын аймагындагы окуяларга комментарий бербейт. Батыш мамлекеттери жакында эле Украинага Орусиянын аймагына алардын куралын колдонуп сокку урууга уруксат берген. Москва “ассиметриялык жооп” болорун эскертти.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG