Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июль, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:27

Ысык-Көлдө экологиялык талаптарга жооп бербеген 12 пансионаттын иши токтотулду


Ысык-Көл жээги. Архивдик сүрөт.
Ысык-Көл жээги. Архивдик сүрөт.

Ысык-Көл облусунда саркынды сууларды тазалоочу жайлары жок экологиялык талаптарга жооп бербеген 12 пансионаттын ишине тыюу салынды.

Алар: “Дальний кардон”, “Смена”, “Белек”, “Золотые пески”, “Взморье сити”, “Асыл-Таш”, “Ой-Керемет”, “Золотой-Требас”, “Кооператор” пансионаттары жана “Улан” балдардын ден соолукту чыңдоо борбору менен “Чолпон-Ата”, “Чалжанов” эс алуу жайлары.

Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы кабарлагандай, бул пансионаттардын кээ бири тазалоочу жайларды курууга киришти. Алар мыйзам бузууларды жойгондон кийин Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясы туристтик сезонго даяр экенин далилдеген паспорт берет.

Президент Садыр Жапаров 2022-жылдын 27-апрелинде “Ысык-Көлдүн экологиясын сактоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө” жарлыкка кол койгон. Документке ылайык, Ысык-Көл облусундагы пансионаттарды инженердик коммуникация жана курулмалар менен камсыздабай туруп иштетүүгө тыюу салынат. (BTo/AsK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG