Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:45

Өзбекстанда “Алга, Каракалпакстан” экстремисттик уюмдардын катарына кошулду


Нукустагы акция. Архивдик сүрөт.
Нукустагы акция. Архивдик сүрөт.

Өзбекстандын Жогорку соту оппозициячыл “Алга, Каракалпакстан” кыймылын “экстремисттик уюм” деп таанып, өлкө аймагында анын ишмердүүлүгүнө тыюу салганын укук коргоочулар билдиришти.

“Мемориал” укук коргоо уюмунун Борбор Азия боюнча программасынын директору Виталий Пономарев 6-июнда билдиргендей, сот мындай чечимди 22-февралда эле кабыл алган. Соттун өкүмү ачык эч жерде жарыяланган эмес.

Аталган кыймылдын социалдык тармактардагы баракчаларында да бул маалыматты ырастаган билдирүү жазылды.

Анда Өзбекстанда “жашыруун сот Каракалпакстандын демократиялык партиясынын” ишмердүүлүгүнө тыюу салган чечим чыгарганы белгиленет.

Укук коргоочулар соттун мындай чечими каракалпакстандык активисттерге каршы козголгон кылмыш иштердин көбөйүшүнө алып келерине тынчсызданышат.

“Алга, Каракалпакстан” кыймылы 2008-жылы пайда болгон. Анын лидери Аман Сагидуллаев 2023-жылы Өзбекстанда сыртынан 18 жылга эркинен ажыратылган. Ага бир катар айыптар, анын ичинде президентти ачык каралоо боюнча кинелер тагылган. Өзү дооматтардын баарын четке кагып келет.

Өзбекстанда 2022-жылы Конституцияны өзгөртүү демилгеси көтөрүлүп, өлкө курамындагы Каракалпакстан автоном жумуриятында нааразылык чыккан. 1-2-июлдагы борбор шаар Нукустагы митингдер күч менен басылганда кан төгүлгөн. Өзбек бийлиги 21 адам каза тапканын, 243 адам жараат алганын кабарлаган. 500дөн ашуун адам кармалган. Окуялар боюнча соттук териштирүү уланууда. Кийин Каракалпакстанга тиешелүү беренелер өзгөртүүсүз калган.

Ошондон бери каракалпакстандык активисттер куугунтукка туш болуп жатканын укук коргоочулар белгилешет.

XS
SM
MD
LG