Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Июль, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:14

Эколог активисттер шаар көчөлөрүндө бактарды кыюуга каршы чыгышты


Жолду кеңейтүү иштерине чейинки (солдо) жана андан кийинки көрүнүш. Ахунбаев көчөсү, Бишкек. (Сүрөт эколог-активисттерге таандык)
Жолду кеңейтүү иштерине чейинки (солдо) жана андан кийинки көрүнүш. Ахунбаев көчөсү, Бишкек. (Сүрөт эколог-активисттерге таандык)

Эколог активисттер, урбанисттер Бишкек шаарында жолдорду кеңейтүү максатында бак-дарактарды кыюуга каршылыгын билдиришүүдө. Алар жол жээгиндеги жашыл бадал, бак-дарактарды кыйып, жолдорду кеңейтүү менен жол тыгынын азайтууга мүмкүн болбостун билдирген кайрылуусун 7-июнда президентке, министрлер кабинетинин төрагасына, Жогорку Кеңешке, калаа башчысына жана Бишкек шаардык кеңештин төрагасына жолдошту.

Кайрылуу ээлери акыркы беш жылдан бери жол жээгиндеги бак-дарактарды кыюуга каршы чыгып келишкенин, бул боюнча бир нече жолу шаар бийлигине кайрылышканын белгилешти.

"Жол боюндагы бадал-дарактарды кыйып, жолду кеңейтүү менен жол тыгын маселеси чечилбейт. Тескерисинче, шаарда автоунаалардын көбөйүшүнө, андан экономикага, экологияга зыян гана болот. Жол кырсыктары көбөйөт. Бишкекте унаалардын саны жарым миллиондон ашты", деп жазылган анда.

Активисттер ошондой эле жыл өткөн сайын жайкысын шаарда абанын табы көтөрүлүп жатканын, бак-дарактар көлөкө берип, нымдуулукту сактап, ал эми жол жээгиндеги бадалдар чаңды жана автоунаалардан чыккан зыяндуу газдарды азайтып, адамдардын ден соолугуна пайдасын гана тийгизерин белгилешүүдө.

Активисттер учурда шаар бийлиги тарабынан жолдорду кеңейтүү максатында жүргүзүлүп жаткан ремонт иштеринин долбоору жарандар үчүн ачык болуп, коомдук угуулар жана талкуулар уюштурулбай, жабык жүрүп жатканын айтышууда.

Алар бийликтен бак-дарактары кыйыла элек көчөлөрдү сактап калууну суранышкан.

Кайрылууга "Мувгрин", “Пешком”, “Урбан хаб Бишкек” уюмдары кол коюшкан.

Бишкек мэриясы 2024-жылы шаардагы 22 чакырымга жакын жол реконструкцияларын билдирген. Жол оңдоого шаардык бюджеттен бир миллиард сомго жакын каражат бөлүнгөнү кабарланган.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG