Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:20

Түнкү клубдун күзөтчүсү менен официанты баңгизат сатууга шектелип кармалды


Шектүүлөрдөн алынган баңгизат. Ош. УКМКнын сүрөтү.
Шектүүлөрдөн алынган баңгизат. Ош. УКМКнын сүрөтү.

Ош шаарындагы "Прада" түнкү клубунун 20 жаштагы күзөтчүсү жана 19 жаштагы официанты баңгизат сатууга шек саналып кармалышты.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетин (УКМК) Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы менен чогуу аталган клубда баңгизаттар сатылып келгенин аныктаган. Ага ылайык, клубда күзөтчү болуп итеген И.у.Б. жана официант болуп иштеген Б.у.А. “гашиш” жана “спайс” сыяктуу баңгизаттарын сатуу менен алектенип жүргөнү ырасталган.

Комплекстүү ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында шектүүлөр 31-май күнү "Прада" түнкү клубунун жанынан кармалып, Оштогу тергөө абагына киргизилген.

Учурда бул баңгизат каналына тиешеси бар башка адамдарды иликтөө иштери жүрүп жатат.

Бир ай мурда Бишкек шаарындагы түнкү клубдардын бири коноктордун арасында баңгизат сатуу жана колдонуу фактысы аныкталып, жабылганы кабарланган.

4-майда УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев түнкү клуб иштеткендерге маңзаттарга байланыштуу эскертүү берген. Ал акыркы кездери рейддердин алкагында түнкү клубдарда маңзаттар табылганын, көбү синтетикалык кошулмалар экенин билдирген. Ташиев баңгизаттарынын кайсыл гана түрү болбосун түнкү клубдарга алып кирүүгө, сатууга жол берилбей турганын эскерткен. Мындай учурлар катталса, клуб иштеткендерге жана ээлерине мыйзамдуу чара көрүлөрүн кошумчалаган.

УКМК бир апта мурдп Бишкекте наркы 500 миң долларга бааланган ири көлөмдөгү баңгизаттарды сактоочу жай табылганын кабарлаган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG