Миң-Кушта “Росатомдун” автоунаасы кырсыкка кабылды

Орусиялык “Росатом” ишканасынын өкүлдөрү Жумгалда уран калдыктарын көчүрүү иштери менен таанышып жаткан учур. Архив.

Жумгал районунун Миң-Куш айылында 1-июнда “Туюк-Суу” уран калдыгын сактоочу жайдан уран калдыктарын ташып иштеген “HOWO” үлгүсүндөгү оор жүк ташыган машина кырсыкка кабылып, сайга кулап түшкөн. Бул маалыматты “Азаттыкка” Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы ырастады.

Мекеменин маалыматына ылайык, автоунаа кырсыкка учураган маалда бош болгон. Министрлик уран калдыктарын ташыган машиналар дезинфекциядан өтүп турарын жана акыркы кырсыктан кийин эч кандай кооптонуу жок экенин кошумчалады.

“Сууга эч нерсе төгүлгөн эмес. Ошого карабай суунун, топурактын үлгүлөрү алынып текшерүүгө жиберилди. Ал жерден радиациянын көрсөткүчүн ченегенде кооптуулук жок деп чыкты. Ошондуктан жарандарга кооптонууга негиз жок”, - деп кабарлады министрликтин басма сөз кызматы.

Миң-Куш айылында “Туюк-Суудагы” уран калдыктарын “Дальнее” сактоо жайына ташуу иштери 2023-жылдын август айында башталган. Аны орусиялык “Росатом” ишканасы ишке ашырууда.

Буга чейин Миң-Кушта айрым жергиликтүү тургундар уран калдыктарын рекультивациялоого каршы чыгып келген.

2013-жылы уран казып алуу өнөр жайында жабыр тарткан аймактарды рекультивация кылуу боюнча Орусия, Кыргызстан, Казакстан жана Тажикстандын ортосунда келишим түзүлүп, бул программанын координатору жана ишке ашыруучусу болуп орусиялык “Росатом” мамлекеттик корпорациясы дайындалган.

Алар программанын алкагында өлкөдөгү “Кажы-Сай”, “Туюк-Суу”, “Миң-Куш” жана башка уран калдыктары сакталган жайлардан радиоактивдүү топуракты ташып, рекультивациялоо иштерин жүргүзө баштаган.

Миң-Куштагы уран калдыктарынын негизги бөлүгү айылдын үстүндө жайгашкан. Андагы уулуу зат айылды аралап өткөн жол аркылуу ташылат. (BTo)

Дагы караңыз

Административдик-аймактык реформадан 1,7 млрд сом үнөмдөлдүКыргызстанда үй шартында 138 менчик бала бакча иштеп жатат Грузияда “чет элдик агент” мыйзамына кол коюлдуКемпир-Абад иши боюнча айыпталгандар суракка алына баштадыУкраинанын үч облусу чабуулга кабылды, Зеленскийдин Түштүк-Чыгыш Азия сапары улануудаДепутат министрликтин кызматкерлерин маалымат билбейт деп сындадыАба ырайы: Көпчүлүк аймактарда жаан жаайтТөрт айда баңгизатты сатуу максатында жашырып иштеген 17 адам кармалды Алагөзов Зулушев кызматтан кеткенин ырастап, президент башкы прокурордун ордуна талапкерлерди карап жатканын айтты