Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июль, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:39

Депутат министрликтин кызматкерлерин маалымат билбейт деп сындады


Айбек Маткеримов
Айбек Маткеримов

Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Маткеримов Кыргызстандагы майыптыгы бар балдардын реабилитациялык борборлору, анда тарбияланып жаткан балдардын акыбалы тууралуу маалыматты эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Чыңгыз Мамат уулу билбейт деген доомат койду.

Депутат бул тууралуу Жогорку Кеңештин социалдык саясат комитетинин 3-июндагы жыйынында айтып, министрликтердин кызматкерлерин маалымат билишпейт деп айыптады. Айбек Маткеримовдун "майыптыгы бар балдардын "Ак жол" реабилитациялык борборунда канча бала тарбияланып жатат" деген суроосуна министрдин орун басары 100дөй бала деп жооп берген соң, министрди маалымат билбейт деп сындады.

"Сиздин ордуңузда мурда иштеген айымга мен ушундай эле суроо берип, туура эмес жооп алганым коомчулукта катуу сөз болгон. Анын ордуна келген сиз деле ашып түшпөй жатасыз. Билбесеңиз билип алыңыз, учурда "Ак жол" реабилитациялык борбордо 19 бала тарбияланып жатат", - деди Маткеримов.

Кесиптешин депутат Гүлкан Молдобекова да кубаттап, министрлик кызматкерлерин Жогорку Кеңештин социалдык комитети менен тыгыз иштөөгө, комитет жыйындарына даярдык менен келүүнү талап кылды.

Өлкөдө майыптыгы бар балдарды реабилитациялоочу мамлекеттик борборлор Ош, Нарын облустарында жок. Министрдин орун басары Чыңгызбек Мамат уулу мыйзамсыз менчиктелип, мамлекетке кайтарылган имараттардын ичинен майыптыгы бар балдарды реабилитациялоочу борборлорду ачуу демилгеси өкмөттүк деңгээлде көтөрүлүп жатканын билдирди.

Социалдык комитети 3-июнда Министрлер кабинети тарабынан 19-февралда ратификацияланган "Майыптыгы бар адамдардын укугу тууралуу БУУнун конвенциясынын аткарылышы тууралуу" токтомунун аткарылышын талкуулады.

Расмий маалыматтар боюнча Кыргызстанда майыптыгы бар балдардын саны 37 миңден ашуун. Алардын ичинен 6 миңден ашууну дайыма кароого муктаж. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG