Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июль, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:36

Төрт айда баңгизатты сатуу максатында жашырып иштеген 17 адам кармалды


Иллюстративдик сүрөт. Баңгизатын сатуу боюнча иликтөөдөн алынган сүрөт.
Иллюстративдик сүрөт. Баңгизатын сатуу боюнча иликтөөдөн алынган сүрөт.

2024-жылдын алгачкы төрт айында Кыргызстанда баңгизаттарды сатуу үчүн жашырып (закладка) коюп кетүү боюнча 72 факты аныкталды.

Бул тууралуу ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев Жогорку Кенештин Социалдык саясат боюнча комитетинин 3-июндагы жыйынында айтты.

Анын сөзүнө караганда, бул фактылар боюнча 17 адам кармалып, тергөө иштери жүрүп жатат. Арасында бир өспүрүм бар.

Расмий маалыматка ылайык, соңку үч жыл ичинде баңгизатка байланыштуу 3,5 миңге чукул кылмыш катталып, 17 тоннадан ашык баңгизат алынган. Бул кылмыштар боюнча 500дөн ашык адамга айып коюлган. Үч жыл ичинде маңзат даярдоого ылайыкташкан 30га чукул лаборатория аныкталган.

Мыйзам боюнча маңзат соодасына аралашкандар мүлкүн алып коюу менен 10 жылдан 12 жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратылат. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG