Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июль, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:23

Украинанын үч облусу чабуулга кабылды, Зеленскийдин Түштүк-Чыгыш Азия сапары уланууда


Украина.
Украина.

Украина 3-июнга караган түнү Харьков облусунун аймагы Орусиянын кеминде беш жолку ракеталык чабуулуна кабылганын билдирди. Облустук аскердик администрация башчысы Олег Синегубов кабарлагандай, эс алуу комплекстеринин бирине тийген ракетадан бир киши каза болду, эки киши жараат алды, имарат талкаланды.

Түндө жана эртең менен өлкөнүн түндүк-чыгышындагы Сумы облусуна да ракеталык сокку урулганын, 21 жерде жарылуу болгонун, орус аскерлери кээ бир айылдарды миномет жана артиллерия менен аткылап, согуштук дрон менен жардыргыч таштаганы маалымдалды.

Чернигов облусу да Орусиянын чабуулдарына кабылганын, жалпысынан Сумы жана Черников аймагына кеминде 30 жолу сукку жасалганын жергиликтүү бийлик билдирди.

Украин президенти Владимир Зеленский расмий сапар менен Филиппинге барып, экө мамлекет ортосундагы кызматташтык тарыхында алгачкы жолу өлкө президенти Фердинанд Маркос менен жолугушканын бүгүн 3-июнда Телеграмга жазды.

«Биз биринчи Глобалдык тынчтык саммитин жана Түштүк-Чыгыш Азия өлкөлөрүнүн бул саммитке катышуусунун маанилүүлүгүн талкууладык. Биз Филиппиндин саммитке катыша тургандыгын баалайбыз. Ошондой эле эки тараптуу кызматташууну, тагыраак айтканда, Украинанын айыл чарба продукциясын Филиппинге экспорттоо тууралуу сүйлөштүк», – деди украин президенти.

Зеленский быйыл Украина Филиппин борбору Манилага элчилик ачууну пландап жатканын кошумчалады.

2-июнда Зеленский Сингапурга барып, ал жактан Индонезия президенти, АКШ конгрессмендери жана Пентагондун башчысы Ллойд Остин менен да жолугушуп, Shangri-La коопсуздук форумунда сөз сүйлөдү. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG