Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июль, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:23

Грузияда “чет элдик агент” мыйзамына кол коюлду


Шалва Папуашвили.
Шалва Папуашвили.

Грузияда “Чет элдик таасир жөнүндө” мыйзамына кол коюлду. Коомчулукта “чет элдик агент” деген аталышка ээ болгон, талаш жана нааразылык жараткан мыйзамга парламент төрагасы Шалва Папуашвили бүгүн 3-июнда кол койду.

Документ кол коюлган күндөн тартып жарым-жартылай күчүнө кирди деп эсептелет.

Өткөн аптада парламент президент Саломе Зурабишвилинин бул мыйзамга каршы ветосун ашып өткөн.

Грузин Конституциясына ылайык, эгер президент мыйзамга кол коюдан баш тартса мындай укук парламент спикерине берилет.

Мыйзамга ылайык, эки ай ичинде мамлекеттик органдар тийиштүү мыйзамдык актыларды кабыл алып, Юстиция министрлиги жана Коомдук реестр улуттук агенттиги аны ишке ашыруу үчүн «баштапкы материалдык-техникалык жана башка иш-чараларды» жүргүзүшү керек болот.

Каржылануусунун 20% сырттан болгон жалпыга маалымдоо каражаттары (ЖМК) жана бейөкмөт уюмдар эми бир ай ичинде Юстиция үйү аркылуу катталуу тууралуу арызын бериши керек болот. "Эхо Кавказанын" маалыматы боюнча, Грузиядагы онлайн ЖМК жана бейөкмөт уюмдардын дээрлик көпчүлүгү Батыштын фонддорунан каржыланып иштешет.

Батыш жана АКШ грузин бийлигинин мындай демилгесин айыптаган. 23-майда Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен демократияга коркунуч жаратуучу бул мыйзамды сунуштаган саясатчыларга жана алардын жакындарына визалык чектөө киргизүү жана эки өлкө ортосундагы мамилени карап чыгуу чечимин жарыялаган.

АКШ, Европа Биримдиги жана эл аралык укук коргоо уюмдары "чет элдик өкүл" мыйзамын Орусия президенти Владимир Путин эркин ойлонгон жарандарды жана көз каранды эмес институттарды басуу үчүн колдонуп жатат деп сындап, айыптаган. Дал ушул мыйзамдын көчүрмөсү делген, бийликтеги "Грузин кыялы" сунуштаган долбоор Грузияда 14-майда парламентте көпчүлүк добуш менен кабыл алынган.

Президент Саломе Зурабишвили парламент кабыл алган мыйзам долбооруна 18 майда вето койгон жана бул мыйзам Конституцияга, Европа стандарттарына карама-каршы келерин, Орусиядан көчүрүлгөндүктөн, артка кайтарылышы керектигин белгилеген.

Грузин парламентиндеги 150 орундун 84үн кремлчил олигарх Бидзина Иванишвили негиздеген "Грузин кыялы" партиясынын өкүлдөрү ээлеп турушат. Былтыр декабрда Тбилисиде Европаны жактаган он миңдеген адамдар жүрүшкө чыкканда, ага аталган партия катышкан эмес.

"Чет элдик агент" мыйзамына каршылыгын билдирген миңдеген жаран нааразылык акцияларын 1,5 айдан бери улантып келе жатышат. Алардын айрымдары полиция менен кагылышуу болгондо кармалып, кийин коё берилген. Полиция демонстранттарга күч колдонгон. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG