Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июль, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:22

Алагөзов Зулушев кызматтан кеткенин ырастап, президент башкы прокурордун ордуна талапкерлерди карап жатканын айтты


Башкы прокуратуранын имараты.
Башкы прокуратуранын имараты.

Президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов башкы прокурор Курманкул Зулушев өз каалоосу менен кызматтан кетүү тууралуу мамлекет башчы Садыр Жапаровго арыз жазганын “Азаттыкка” ырастады. Анын сөзүнө караганда, арыз эми мыйзам боюнча Жогорку Кеңештин кароосуна жөнөтүлөт. Ал мындан тышкары президент башкы прокурордун кызмат ордуна прокуратура системасынын ичинен талапкерлерди карап жатканын кошумчалады.

Курманкул Зулушев отставкага кеткени 3-июнда кабарланган. Ал 2020-жылы Октябрь окуясынан кийин 21-октябрда башкы прокурор болуп дайындалган.

Президент Садыр Жапаров башкы прокурорго өзүнө баш ийген кызматкерлерге жетиштүү көзөмөл жүргүзбөгөнү үчүн сөгүш бергени быйыл 24-апрелде белгилүү болгон.

Курманкул Зулушев 2022-жылы саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевге козголгон кылмыш иштерине байланыштуу убактылуу кызматтан четтетилип, ишин кайра уланткан. Ал эми Алымкадыр Бейшеналиевге козголгон иштин баары токтотулган.

54 жаштагы Курманкул Зулушев 2000-жылдан бери прокуратура тармагында иштеп, 2007-2013-жылдары Чүй облусунун Сокулук райондук сотунун судьясы, 2013-2015-жылдары Бишкек шаардык сотунун судьясы болуп иштеген.

2015-2020-жылдары Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаты болгон.

Курманкул Зулушев коомчулукка президент Садыр Жапаров баштаган үч саясатчыны актаган судья катары кеңири таанылган. 2012-жылдын 3-октябрында Бишкекте “Кумтөр” алтын кен долбоорун мамлекеттин карамагына алууну талап кылган митинг башаламандык менен коштолуп, президенттик администрациянын кашаасын ашып өтүү аракети болуп, бир нече адам кармалган.

2013-жылдын 29-мартында Бишкектин Биринчи май райондук соту саясатчылар Камчыбек Ташиевди, Садыр Жапаровду жана Талант Мамытовду бийликти күч менен алууга аракет кылуу айыбы боюнча соттогон. 2013-жылдын 17-июнунда шаардык сот үчөөнү тең актап, сот залынан бошоткон. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG