Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июль, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:36

Административдик-аймактык реформадан 1,7 млрд сом үнөмдөлдү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда административдик-аймактык реформанын жыйынтыгында жалпы 197 мекеме бошоп, 1,7 млрд сом үнөмдөлдү. Бошогон мекемелер төрт министрликтин ичинде өз ара бөлүнөт. Бул тууралуу экономика жана коммерция министринин орун басары Чоро Сеитов 3-июнда Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү комитетинин жыйынында билдирди.

"Мүлк бөлүштүрүү жүрүп жатат. Бала бакча, оорукана, калкты тейлөө борборлору жана башка социалдык мекемелерге муктаждык көп болгондуктан, бошогон имараттарды бул министрликтерге берүү тандалды", - деди Сеитов.

Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү комитети 3-июнда "Административдик-аймактык реформа боюнча Кыргызстандын айрым мыйзамдарына өзгөртүү киргизүү тууралуу" мыйзам долбооруна өзгөртүү киргизүү маселесин карады.

Аталган реформага байланыштуу жалпы 14 мыйзамга өзгөртүү киргизилери кабарланган.

Президент Садыр Жапаров 2023-жылы 30-декабрда “Административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” жарлыкка кол койгон. Ага ылайык, өлкөнүн дээрлик бардык райондорунда айыл аймактарынын көпчүлүгү ирилештирилип, жаңы аталыштарга ээ болгон.

Административдик-аймактык реформа пилоттук түрдө 2022-жылы Ысык-Көлдүн бир, Нарын облусунун беш районунда жүргүзүлгөн.

Реформанын негизинде Бишкек шаары 12,9 миң гектардан 37,8 миң гектарга кеңейди. Чүй облусунун 8 айыл аймагы жана 4 айыл аймагынын айрым айылдары борборго кошулду.

Мындан сырткары Ош шаарын айланта курчаган бир нече айыл да экинчи борбор калаага кошулган.

Ирилешип жаткан айыл аймактарда жана шаарларга кошулуп жаткан айылдарда жайыт, үлүш жана башка жерлерине байланыштуу нааразылыктар болуп жатканы кабарланган.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG