Барак эксклавынын тургундары Кара-Суу районуна көчүрүлүп жатат

Барак эксклавы.

Өзбекстандын аймагындагы Барак эксклавынын тургундары Оштун Кара-Суу районуна көчүрүлүп жатат. Бул тууралуу “Азаттыкка” Кара-Суу районунун акими Темирболот Абыкеев билдирди.

Анын сөзүнө караганда, Баракта 980 киши жашайт жана 97 үй-бүлөнүн турак жайы, социалдык мекемелер бар. Ушул тапта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) 58 кызматкери социалдык объектилерди бузуу иштерин жүргүзүп жатат.

“Кара-Суу районуна көчүрүлүп келгендерге тиешелүү камкордук көрүлүүдө. Буюрса бардык социалдык жардамдар берилет”, - деди Темирболот Абыкеев.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев 2022-жылы Жогорку Кеңеште Кыргызстан Барак эксклавын Өзбекстанга алмашканын, кыргыз тарап Кара-Суу районуна чектеш аймактан 208 гектар жер алганын айткан.

Кара-Суу районунун Ак-Таш айыл өкмөтүнө караган Барак айылы Кыргызстандын эң чоң эксклавы болуп саналчу. Ал чек арадан 1,5 чакырым Өзбекстандын Анжиян облусунун Коргон-Төбө районунун ичинде жайгашкан.

Кыргыз-өзбек чек арасы боюнча делимитация жана демаркация процесси жыйынтыкталганын президент Садыр Жапаров 2023-жылдын 27-январында Бишкекке мамлекеттик сапар менен өзбек президенти Шавкат Мирзиёев келгенде айткан. (BTo)

Дагы караңыз

ТИМ орус полициясынын Москвадагы элчиликтин кызматкерине жасаган мамилесин айыптадыКыргызстандын авиатармагына дагы бир компания кошулдуГрузияда “Чет элдик агент” мыйзамына каршы чыккан демонстрант соттолдуМинистрлик оор жүк ташуучу автоунаалардын айдоочуларынын нааразылыгына үн катты Орусиялык армия Украинага дрон жана ракета менен сокку урдуКыргызстанда кызамыкка чалдыккандар 8 миңге жакындадыСадыр Жапаров кыргыз тили боюнча төраганын демилгесине пикирин айттыАзия чемпионаты: кыргыз балбандары эки коло медал утту