Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:15

Кыргызстанда кызамыкка чалдыккандар 8 миңге жакындады


Кызамыкка каршы эмдөө учуру. Бишкек. 2023-жыл. Иллюстрациялык сүрөт.
Кызамыкка каршы эмдөө учуру. Бишкек. 2023-жыл. Иллюстрациялык сүрөт.

Иммунопрофилактика боюнча республикалык борбордун 8-апрелге карата маалыматына ылайык, Кыргызстанда кызамык (корь) жуктургандардын саны 7 864кө жетти. Илдетке чалдыккандардын көбү Бишкек шаарында, Чүй, Ош жана Жалал-Абад облустарында.

Мекеме оорунун жайылышына кызамыкка каршы пландуу эмдөөдөн баш тарткандар негизге себеп болуп жатканын билдирди. Буга чейин президент Садыр Жапаров ата-энелерге балдардын саламаттыгы үчүн эмдөөдөн өтүү маанилүү экенин билдирген.

СССРдин аймагында 1963-жылдан бери кызамыкка каршы эмдөө жүргөндүктөн, Кыргызстан эгемендик алган жылдары бул ооруну жугузгандар көп катталган эмес жана өлүм учурлары да сейрек кездешчү. Диний ишенимдерден улам вакцинадан баш тартуу 2012-жылдан башталган. Анын кесепетинен 2014-2015-жылдары Кыргызстанда кызамыкка кабылгандар кескин көбөйүп, 17 миңге жеткени катталган. Натыйжада ири эмдөө кампаниясы жүргөн.

2018-2019-жылдары да кызамыкты жуктургандардын саны кескин жогорулап, жылына 2000 учур катталган жана кайрадан эмдөө күчөтүлгөн.

2020-жылкы коронавирус пандемиясы дүйнөдө, анын ичинен Кыргызстанда пландуу эмдөөгө кедергисин тийгизген жана анын айынан 2023-жылы көп өлкөлөрдө кызамык кайрадан күч алган. Кыргызстанда кызамык оорусу былтыр жыл башында кайрадан башталган.

Саламаттык сактоо министрлиги Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) колдоосу менен былтыр дароо ири эмдөө өнөктүгүн баштаган. Вакцинациялоо быйыл да улантылып жатат.

Саламаттык сактоо министрлиги илдеттин жайылышына ата-энелер түрдүү себептер менен эмдөөдөн баш тартканы себеп болгонун кайталап келет. Министрликтин маалыматында, Кыргызстанда баласын кызамыкка каршы эмдетүүдөн баш тарткан ата-энелердин саны 22 миңге жеткен, алардын көбү мындай чечимге диний түшүнүктөн улам барганын билдирген.

Кызамыктан эмдөө адатта бала бир жашка толгондо жана алты жашка чыкканда жасалат. Кошумча эмдөөлөр тогуз айлык ымыркайдан тартып жети жашка чейинки балдарга үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда акысыз жүргүзүлүүдө. (BTo)

XS
SM
MD
LG