Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:23

Садыр Жапаров кыргыз тили боюнча төраганын демилгесине пикирин айтты


Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

Президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиевдин интернетте балдар үчүн даярдалган чет тилдеги контенттин баарына бөгөт коюу тууралуу демилгесине комментарий берди. Мамлекет башчынын чакан маеги 12-апрелде “Кабар” улуттук маалымат агенттигине чыкты.

Президент Кыргызстанда мектептерде колдон келсе орус жана англис тилдерин окуучуларга жакшы үйрөтүү керектигин, англис тилинде сабак берген мектеп ачам дегендерге өкмөттүн эшиги ачык экенин айтты.

“Албетте, кыргыз тилин өнүктүрүү боюнча сунуштарын баарыбыз эле колдойбуз. Эч ким каршы эмес. Бирок орус, англис тили боюнча Нурлан Шакиевдин пикири - анын өзүнүн жеке ою. Мамлекеттик саясат таптакыр башка. Орус, англис тилдери - дүйнөлүк тилдер. БУУда канча тил болсо, орус, англис тилдери алардын ичинде. КМШ өлкөлөрүндө орус тилсиз иштөө мүмкүн эмес. КМШ өлкөлөрү эле эмес, Европанын айрым өлкөлөрүнө, АКШга жана башка бир топ өлкөлөргө расмий сапарлар менен барганда котормо орус тилинде болот. Өздөрү айтышат “биз орус тилчи котормочу аркылуу сүйлөшөбүз” деп”.

Нурланбек Шакиев парламенттин 11-апрелдеги жыйынында интернетте балдарга арналган чет тилдеги контентке тыюу салуудан тышкары, балдарга кыргызча ысымдарды коюуну сунуштаган.

Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, соңку жылдары Кыргызстанда балдарга арапча ысым койгон ата-энелер көбөйгөн.

2023-жылы 17-июлда Садыр Жапаров “Мамлекеттик тил жөнүндө” конституциялык мыйзамга кол койгон. Ага ылайык, мамлекеттик мекемелерде иш кагаздар милдеттүү түрдө кыргыз тилинде жүргүзүлүүгө тийиш. Эл алдындагы расмий иш-чаралар да мамлекеттик тилде өткөрүлөт. (BTo)

XS
SM
MD
LG