Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:32

Грузияда “Чет элдик агент” мыйзамына каршы чыккан демонстрант соттолду


Лазаре Григориадис
Лазаре Григориадис

Тбилисиде сот “чет элдик агент” тууралуу мыйзам долбооруна каршы митингдин катышуучусу 22 жаштагы Лазаре Григориадисти тогуз жылга эркинен ажыратты. Бул тууралуу "Эхо Кавказа" радиосу кабарлады.

Тергөөнүн версиясына караганда, былтыр 7-мартта Григориадис полиция кызматкерлерин көздөй Молотов коктейлин ыргытып, 9-мартта тартип коргоочулардын машинесин өрттөп жиберген. Блогер жана саясий эмигрант Николай Левшиц жазгандай, Григориадистин үй-бүлөсү президент Саломе Зурабишвилиден ырайым суроого ниеттенип жатат.

Лазаре Григориадистин камалганына 31-мартта туура бир жыл болот.

Былтыр 7-мартта он миңдеген кишилер Тбилисиде бийликтин мындай мыйзамды кабыл алуу демилгесине каршы нааразылык акциясына чыккан. Куралданган полиция аларды кулак тундуруучу граната, жаш агызуучу газ колдонуп, суу бүркүп тараткан. Бир нече күнгө уланган митингде ондогон киши кармалып, кийин көбү коё берилген.

Оппозиция бул мыйзам долбоорун “Орусияныкы” деп атап, эркин ойлонгондорду жана жарандык коомду чектеп, Грузияны авторитаризмге түртөт деп сындаган. Нааразылык толкундоолорунан улам бийлик мыйзам долбоорун артка кайтарууга аргасыз болгон.

Быйыл 3-апрелде бийликтеги башкаруучу "Грузин кыялы" партиясы "чет элдик агент" мыйзамынын жаңы долбоорун кайрадан сунуштады.

Кыргызстанда да “чет элдик өкүл” деген макам берүүгө жол ачкан “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзамга 2-апрелде кол коюлган. Ага ылайык, чет өлкөдөн каржыланган жана Кыргызстанда саясий ишмердик менен алектенген жергиликтүү бейөкмөт уюмдар “чет элдик өкүлдүн ишин аткаруучу” деп таанылат жана тиешелүү реестрге катталат.

Эл аралык коомчулук Кыргызстанда бул мыйзам жарандык коомдун эркиндигин чектейт деген кооптонуусун билдирген.

XS
SM
MD
LG