Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:40

Азия чемпионаты: кыргыз балбандары эки коло медал утту


Эркин күрөш боюнча 65 килограммга чейинки салмакта байге уткан балбандарды сыйлоо аземи. Кыргыз балбаны Улукбек Жолдошбеков (оңдон экинчи) коло медал утту.
Эркин күрөш боюнча 65 килограммга чейинки салмакта байге уткан балбандарды сыйлоо аземи. Кыргыз балбаны Улукбек Жолдошбеков (оңдон экинчи) коло медал утту.

Кыргызстандык балбандар Улукбек Жолдошбеков менен Алибек Осмонов Бишкекте өтүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпионатында 11-апрелде коло медал алышты.

Мелдештин биринчи күнүндө Улукбек Жолдошбеков 65 килограмм салмакта килемге чыгып, алгачкы беттешинде ирандык балбан Рахман Амузадхалилге 4:2 эсебинде жеңилди. Ирандык балбан финалга өтүп, Улукбек Жолдошбеков коло байге үчүн көңүл жубатуучу беттешке чыкты. Мында алгач кореялык Сонхо Юну 14:4 эсеби менен жеңип, коло үчүн беттеште өзбекстандык Аббос Рахмоновду 6:4 эсебинде утту.

Алибек Осмонов да алгачкы беттешинде жеңилгендиктен, 70 килограмм салмакта көңүл жубатуучу беттешке чыкты. Коло байге үчүн Осмонов тажикстандык Мустафо Ахмедов менен күч сынашты. Кармаш 3:3 эсебинде жыйынтыкталып, кыргыз балбаны акыркы упайды алганы үчүн жеңишти илип кетти.

70 килограмм салмактагы балбандарды сыйлоо аземи. Бул салмакта кыргыз балбаны Алибек Осмонов оңдон биринчи коло байге утту.
70 килограмм салмактагы балбандарды сыйлоо аземи. Бул салмакта кыргыз балбаны Алибек Осмонов оңдон биринчи коло байге утту.

Азия чемпионаты Бишкек Арена спорт комплексинде өтүп жатат. Мелдешке Азиянын 30 мамлекетинен 600 спортчу катышууда. Катышуучулардын арасында Азиянын, олимпиада оюндарынын жана Дүйнөнүн чемпиондору бар.

12-апрелде эркин күрөштөн дагы беш салмакта мелдештер өтөт. Кыргызстандын атынан Тайырбек Жумашбек уулу (61 кг), Канат Керимбеков (74 кг), Атай Изабеков (86 кг), Нуртилек Карыпбеков (92), Айаал Лазарев (125 кг) мелдешке чыгат. (GT)

XS
SM
MD
LG