Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 00:50

Кыргызстандын авиатармагына дагы бир компания кошулду


Иллюстрация үчүн колдонулган сүрөт.
Иллюстрация үчүн колдонулган сүрөт.

Кыргызстандын авиатармагына жаңы кошулган SkyFru компаниясы 16-апрелден тарта ички каттамдарды аткарууга киришет. Негизинен Бишкек - Ош - Бишкек багытында күн сайын жүргүнчү ташыйт. Коммерциялык багыттарга да учат. Бул тууралуу 11-апрелде расмий маалымдалды.

Жарандык авиация агенттиги бул компанияга 2026-жылдын мартына чейин лицензия берилгенин кабарлады. SkyFru 2023-жылы түзүлүп, быйыл мартта сертификат алды.

Аталган агенттиктен 16 компания каттоодон өткөн. Алардын ичинен ушул тапта AviaTraffic, Tez Jet, Аero nomad жергиликтүү жана эл аралык багыттарга жүргүнчү ташыйт. Май айында мамлекеттик “Асман Эйрлайнс” авиакомпаниясы ишин баштоону мерчемдеп турат. Каттого алынган башка компаниялар жүк ташуу менен алектенет.

Бишкектеги "Манас" эл аралык аэропорту менен "Ош" эл аралык аэропортторунан эл аралык жана ички каттамдар аткарылат. Бул тизмеге жайында Ысык-Көлдөгү Тамчы аэропорту да кошулат. Ал эми ички каттамдар такай аткарылган аэропорттордун катарын Жалал-Абад, Баткен, Раззаков шаарындагы аэропорттор толуктайт. Кыргыз бийлиги акыркы жылдары бардык облус борборлорундагы жана айрым райондордогу аба майдандарды оңдоого киришкен. (SE)

XS
SM
MD
LG