Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 00:12

Орусиялык армия Украинага дрон жана ракета менен сокку урду


Орус армиясынын Киев облусуна жасаган соккусунан кийин тазаланган объектиде иштеп жаткан куткаруучу. 11-апрель, 2024-жыл. Архивден алынган сүрөт.
Орус армиясынын Киев облусуна жасаган соккусунан кийин тазаланган объектиде иштеп жаткан куткаруучу. 11-апрель, 2024-жыл. Архивден алынган сүрөт.

12-апрелге караган түнү Орусиянын армиясы Украинанын аймагына 17 “Шахед” жанкечти дрону жана Х-59 башкарылуучу авиациялык ракета менен сокку урду.

Бул тууралуу украин Куралдуу күчтөрүнүн башкармалыгы билдирди. Маалыматка караганда, дрондор аннексияланган Крымдын Чауда тумшугунан, ал эми ракета Донецк облусунун оккупацияланган бөлүгүнөн учурулган.

Николаев, Одесса, Херсон, Днепропетровск, Винница, Хмельницк облустарында 16 дрон абадан атып түшүрүлгөнү кабарланды.

Днепропетровск облусунда дрондун калдыктары маанилүү инфратүзүм объектисинин аймагына кулап, өрт тутанган.

Ал арада Орусиянын Коргоо министрлиги Ростов жана Белгород облустарында беш дрон атып түшүрүлгөнүн билдирди. “Астра” Телеграм-каналы өз булактарына таянып, дрон чабуулу Ростов облусундагы Новошахтинск мунай иштетүүчү заводуна жасалганын жазды. Атып түшүрүлгөн аппараттардын бири заводдун аймагынан табылган.

Буга чейин “Настоящее время” телеканалы маалымдагандай, жыл башынан бери украиналык дрондор Орусиянын 10 регионундагы 15 мунай иштетүүчү заводуна сокку урган.

9-апрелде Bloomberg АКШнын коргоо министри Ллойд Остинге шилтеме берип, украин куралдуу күчтөрүнүн Орусиянын мунай иштетүү заводдоруна урган соккулары дүйнөнүн энергетика тармагына залака тийгизерин маалымдады.

Көптөгөн фото жана видео далилдерге карабастан, расмий Москва Украинадагы жарандык жайларга сокку урганын танып, аскердик объектилерди гана бутага алганын билдирип келет. Ал эми украин бийлиги Орусиянын аймагындагы мунай иштетүүчү заводдорго жасалган соккулар үчүн расмий жоопкерчилик ала элек.

XS
SM
MD
LG