11 журналисттин иши: Сапарбек Акунбеков үй камагына чыкты

Сапарбек Акунбеков.

“Темиров LIVE” редакциясынын, “Айт, айт десе” долбоорунун кызматкери Сапарбек Акунбеков 12-мартта үй камагына чыкты. Мындай токтомду Бишкектин Биринчи Май райондук соту кабыл алганын райондук соттун басма сөз кызматы билдирди.

Мекеменин маалыматына ылайык, сотко журналисттин ден соолугуна байланыштуу бөгөт чарасын өзгөртүү өтүнүчүн Ички иштер министрлигинин (ИИМ) тергөөчүсү жана шектүүнүн адвокаты берген.

16-январда таң эрте Ички иштер министрлиги (ИИМ) “Темиров LIVE” медиасынын мурдагы жана азыркы 11 кызматкерлеринин үйүндө тинтүү жүргүзүп, өздөрүн кармап кеткен.

17-январда Бишкектин Биринчи Май райондук соту “Айт, айт десе” жана “Темиров LIVE” долбоорлорунун, “Арча Медианын” жана “ПолитКлиника” басылмасынын кармалган 11 кызматкерин 13-мартка чейин камакка алган. Кийин шаардык сот ал токтомдорду күчүндө калтырган.

7-мартта президент Садыр Жапаров Кыргызстандагы 40тай жалпыга маалымдоо каражаттарынын жетекчилери менен жолугуп, ЖМКлар менен конструктивдүү диалогду улантууга даяр экенин айткан. Ал жолугушууда камактагы 11 журналистти үй камагына чыгаруу маселеси да көтөрүлгөн.

ИИМ “Айт Айт Десе” жана “Темиров LIVE” баракчаларындагы массалык башаламандыктарга чакырык жасаган материалдарга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренесинин үчүнчү бөлүгү (“Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар”) менен иш козголгонун билдирген.

Камакка алынган журналисттер коюлган айыпты четке кагып жатышат. Бир катар эл аралык жана жергиликтүү уюмдар бийликти эркин журналисттерди бошотууга чакырууда. (BTo)

Дагы караңыз

Орусиядан кароосуз калган үч өспүрүм алып келиндиОшто Өзбекстандын жаранын карактоого шектүү адам кармалдыПарламенте автоунааларга видео көзөмөл орнотуу сунушу сынга кабылды Хоккей: Кыргызстан Люксембургду 7:3 эсеби менен уттуТекебаев “матрешкагейт” ишин караган польшалык судьяга жолукканын билдирди УКМК “Кристалл” компаниясы мамлекетке кайтарылганын билдирдиМэрия Бишкектин жолдору жамалып жатканын билдирди Мамлекеттик ипотекалык компанияда 100 миңге жакын адам кезекте туратДзюдо федерациясы: Көлбаев кызматтан кетип, ордуна Конгантиев келди