Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:57

УКМК “Кристалл” компаниясы мамлекетке кайтарылганын билдирди


“Кристалл” компаниясы. УКМК тараткан сүрөт.
“Кристалл” компаниясы. УКМК тараткан сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) “Кристалл” компаниясы мамлекеттин менчигине кайтарылганын билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, маркум Камчы Көлбаевдин (Камчыбек Асанбек) адамдары “Кристаллдын” аймагына “Компьютер Павер центр” деген ишкана түзүп, 2019-жылдын май айынан 2020-жылдын октябрына чейин тиешелүү уруксат документтери жок эле майнинг ферманы техникалык жабдуу иштерин аткарып келишкен.

Ишкананын аткаруучу директору катары Таш-Көмүр шаарынын тургуну (О.М.) көрсөтүлүп, бирок иш жүзүндө Камчы Көлбаевдин өкүл баласынын жакын адамы башкарып келген. Атайын кызмат майнинг ферманы ишке киргизүүнүн негизги максаты Камчы Көлбаевдин кылмыштуу тобун каржылоо болгонун билдирди.

“Ири майнинг ферманын ишмердүүлүгүн ишке ашыруу үчүн “Аю-Холдинг” корпорациясынын мүмкүнчүлүктөрү пайдаланылган. Анын курамына “НурАлЭнерго” энергетикалык компаниясы кирип, ал “Кристалл” заводун электр энергиясы менен камсыз кылууну пландаштырып, муну менен Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобун каржылоого көмөк көрсөткөн”, - деп айтылат маалыматта.

“Кристалл” компаниясынын мүлкү “Компьютер Павер центр” ишканасынын менчигине мыйзамсыз өткөрүлүп берилгени аныкталып, Таш-Көмүр райондук соту 10-январда “Кристаллды” мамлекеттин менчигине кайтаруу чечимин чыгарган.

“Кристалл” кремний чыгаруучу завод. УКМК бул ишканага чет өлкөлүк инвесторлор каражат салууга кызыкдар экенин кошумчалады.

Кыргызстанда “кримчөйрөнүн анабашы” аталган Камчы Көлбаев былтыр 4-октябрда Бишкекте УКМКнын атайын операциясы маалында өлтүрүлгөн. (BTo)

XS
SM
MD
LG