Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:41

Хоккей: Кыргызстан Люксембургду 7:3 эсеби менен утту


Кыргызстандын хоккей боюнча улуттук курама командасы жеңишин майрамдап жатат.
Кыргызстандын хоккей боюнча улуттук курама командасы жеңишин майрамдап жатат.

Кыргызстандын хоккей боюнча улуттук курама командасы Люксембург курама командасын 7:3 эсеби менен утту.

Беттеш хоккей боюнча дүйнө чемпионатынын 3-дивизионунун А группасынын алкагында өттү.

Бул күнү Түркмөнстан курамасы Түштүк Африка Республикасынын курамасы 4:3 эсеби менен жеңди. Таиланд курамасы Мексиканы 5:0 менен утуп, жалпы алты упай топтоду.

Мелдеш жадыбалында Таиланд курамасы алты упайы менен биринчи орунда турат. Экинчиде үч упай топтогон Түштүк Африка Республикасы, андан кийин ушундай эле упай менен Түркмөнстан төртүнчү, Кыргызстан бешинчи орунда.

Мелдеш жадыбалы.
Мелдеш жадыбалы.

Алты өлкөнүн хоккей курамалары катышып жаткан дүйнө чемпионатынын 3-дивизионунун А группасынын беттештери 16-мартка чейин өтөт. Мында алты команда бири-бири менен ойноп, жеңүүчүнү аныкташат.

Мелдешти өткөрүү үчүн мамлекет 3 миллион сом бөлгөн. Мелдеш борбор калаадагы "Бишкек-Арена" спорт комплексинде өтүүдө. Кийинки оюндар 13-мартта өтөт.

Оюндардын убактысы:

14:00: Мексика - Люксембург

17:00: Түштүк Африка Республикасы - Таиланд

20:00: Кыргызстан - Түркмөнстан

Эл аралык хоккей федерациясы (IIHF) хоккей боюнча дүйнө чемпионаттарын өлкөлөрдүн рейтингине жараша беш дивизионго бөлүп өткөрүп келет. Жогорку, биринчи, экинчи, үчүнчү жана төртүнчү дивизиондо мелдештер А жана Б тайпаларында өтөт. Ар бир дивизиондун жеңүүчүсү кийинки дивизионго өтүүгө мүмкүнчүлүк алат. Ал эми акыркы орунду ээлеген курама ылдыйкы дивизионго түшөт.

Мисалы, бул мелдештин жеңүүчүсү II дивизиондун Б группасына чыгууга мүмкүчүнчүлүк алса, группада акыркы орунду ээлеген команда 3-дивизиондун Б группасына түшөт. (GT)

XS
SM
MD
LG