Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:44

Парламенте автоунааларга видео көзөмөл орнотуу сунушу сынга кабылды


Кыргызстандын жол тескөөчү адиси. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргызстандын жол тескөөчү адиси. Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде машинелерге милдеттүү түрдө видео камера орнотуу жөнүндө мыйзам долбоору каралып, депутаттардын сын-пикиринен кийин күн тартибинен алынды.

Депутаттардын бири Элдар Абакиров мыйзам долбоорун кайрадан иштеп чыгуу керек экенин айтты.

“2023-жылдын маалыматында 1 млн 460 миң машине бар экен. 2024-жылы 1,5 миллиондон ашты. Жаңы кирген автоунааларга коюуга милдеттендирсек 60 миң машине болот экен. Ал натыйжалуу деле болбойт. Койсок баарына бирдей болушу керек. Анда видео камера 3-4 миң сомдон болсо, 4-5 млрд сом элден кошумча салык алганга эле барабар болот экен. Мен кесиптештеримдин сөзүн колдойм”, - деди депутат.

Мыйзам долбоорунун баяндамачысы, ички иштер министринин орун басары Адылбек Бийбосунов автоунааларга милдеттүү түрдө видео көзөмөл орнотуу коопсуздук үчүн зарыл чара экенин белгиледи.

Ички иштер министрлиги машинелерге милдеттүү түрдө видео камера орнотуу мыйзам долбоору былтыр декабрда сунушталган. Документте "видеокаттоо менен жабдуу боюнча милдет менчигинин түрүнө карабастан транспорт каражаттарынын ээлерине жүктөлөт", - деп жазылган.

ИИМдин негиздемесинде видео камера укук бузууларды аныктап, жол кырсыктарын талдоо, талаш жараткан жагдайларда маанилүү экени белгиленет. Мыйзам кабыл алынса, айдоочулар 2025-жылдан баштап автоунааларына видео камера сатып алышы керек. Мындай жабдык орнотпогондорго айып пул салынат. Мыйзам Министрлер кабинети аныктаган трактор сыяктуу транспорт каражаттарына иштебейт.

Кыргызстанда 2023-жылы 6 945 жол кырсыгы катталып, андан 783 адам каза болду. Бул көрсөткүч 2022-жылга салыштырганда 13,5% көп. (TSh)

XS
SM
MD
LG