Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:55

Дзюдо федерациясы: Көлбаев кызматтан кетип, ордуна Конгантиев келди


Кубанычбек Конгантиев, Жолдошбек Көлбаев.
Кубанычбек Конгантиев, Жолдошбек Көлбаев.

Маркум кримтөбөл Камчы Көлбаевдин (Камчыбек Асанбек) бир тууган иниси Жолдошбек Көлбаев Кыргызстандын дзюдо боюнча федерациясынын президенттигинен кетти. Бул тууралуу дзюдо федерациясы билдирип, эми бул кызматты Парижде өтөт турган Олимп оюндарына чейин Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Кубанычбек Конгантиев аткарарын кабарлады.

Дзюдо федерациясынын маалыматы боюнча, Жолдошбек Көлбаев өз каалоосу менен президенттик кызматтан кетип, 6-марта өткөн жыйында федерациянын башкаруу комитети анын арызын кабыл алган. Жолдошбек Көлбаев бул кызматка 2016-жылы шайланган. 2020-жылы экинчи жолу федерациянын президенти болгон.

Кубанычбек Конгантиев 2012-жылдан бери Дзюдо федерациясынын вице-президентинин милдетин аткарып келет.

Кыргызстанда “кримчөйрөнүн анабашы” аталган Камчы Көлбаев былтыр 4-октябрда Бишкекте УКМКнын атайын операциясы маалында өлтүрүлгөн. Бул окуядан кийин Камчы Көлбаевге байланышы бар делген ондогон адам мамлекеттик кызматтардан алынды. (GT)

XS
SM
MD
LG