Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:52

Ошто Өзбекстандын жаранын карактоого шектүү адам кармалды


Каракчылыкка шектүү адам. 12-март, 2024-жыл
Каракчылыкка шектүү адам. 12-март, 2024-жыл

Ош облусунда Өзбекстандын тургунун сабап, 5 миң долларын котортууга шек саналган адам кармалды.

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) басма сөз кызматы кабарлагандай, 14-февралда Ош облустук ички иштер башкармалыгына (ОИИБ) Өзбекстандын тургуну арыз менен кайрылган. Аны бейтааныш адамдар алдап, Араван районуна алып барышкан. Ал жерде уруп-сабап, бычак сайып коркутуп, акча талап кылышкан. Жыйынтыгында өзбекстандык жаран өзүн сабагандардын эсебине 5 миң доллар которгон.

Ош ОИИБде арыздын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин "Каракчылык" беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын негизинде Ош облустук кылмыш издөө башкармалыгынын кызматкерлери Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) кызматкерлери менен чогуу карактоого шектүүнү кармашты.

Учурда анын башка иштерге тиешеси бардыгы аныкталууда.

11-мартта Ош облустук кылмыш издөө башкармалыгынын кызматкерлери Кара-Суу районунун тургунунан шантаж жолу менен 100 миң сом талап кылган адамдардын тобун кармаган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG