Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:02

Мэрия Бишкектин жолдору жамалып жатканын билдирди


Бишкек мэриясы тараткан сүрөт.
Бишкек мэриясы тараткан сүрөт.

“Бишкекасфальтсервис” муниципалдык ишканасы шаардагы жолдордун чуңкурларын жамоо иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, учурда Иса Ахунбаевдан Достоевский көчөсү жасалууда. Буга чейин Байтик-Баатыр, Аалы Токомбаевдан Лев Толстой көчөсүнө чейин, Жусуп Абдрахманов көчөсүндө чуңкурлар жабылды.

Алдыда Жусуп Абдрахманов көчөсүн бойлой Чүй жана Жибек-Жолу проспектилеринин ортосундагы тилкени бүтүрүү пландалууда.

Мэриянын маалыматында, Байтик-Баатыр жана Жусуп Абдрахманов көчөлөрүндө 2001-2003-жылдары капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлүп, жолдун үстүн жабууга кепилдик мөөнөтү беш жыл болгон.

Бишкекте жаз келгени айрым борбордук көчөлөрдүн жолдору тешилип, аң-чөнөктөр көбөйүн социалдык тармактарда жазып, сүрөт-видеолорун жарыялап жатышат. (TSh)

XS
SM
MD
LG