Кыргызстан 2023-жылы чет өлкөлөрдөн 15 285 384 даана көчөт ташып келди. Бул тууралуу 12-февралда Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги кабарлады.
Сырттан алынып келинген көчөттөрдүн 6 миллиондон ашыгы мөмө-жемиштер, 5 миллиондон ашыгы гүлдөр жана 3 миллионго жакыны декоративдүү өсүмдүктөр.
Ошол эле маалда Кыргызстандын багбандары былтыр чет жакка 3 654 912 даана көчөт экспорттогон. Анын көбү гүлдөр, калганы мөмө-жемиштер жана декоративдүү өсүмдүктөр.
Ушул тапта өлкөдө багбандар көчөт өстүрүп иш алып барып жаткан 100 гө чукул жеке менчик питомниктер бар. Алардын арасында 149,1 га түзгөн 14 ири питомник көчөттөрдү өстүрүүгө материалдык техникалык базасы, аянттары “талапка жооп берет” деп табылып, атайын макам берилди. 2024-жылдын жазгы сезонуна карата даярдалган аларда 3 миллиондон ашык көчөт бар экени маалымдалды.
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги мурдагы жылдары Кыргызстан канча көчөт экспорттоп-импорттогонун, былтыр андан көп болдубу, же аз болдубу тактаган жок. (ErN)
Дагы караңыз
Чүй: төрөттөн каза тапкан келиндин өлүмү иликтене баштады Депутат улгайган ата-энесин карабаган жарандарды мурастан ажыратууну сунуштадыКыргызстанда орточо айлык акы 33 миң 258 сом болдуАба ырайы: Көпчүлүк аймактарда кар жаайтОрусияда жол инспекторуна пара берүүгө аракет кылган кыргызстандыкка иш козголдуСоттолгон кишиге ырайым берүүдөн улам Венгрия президенти кызматтан кеттиПрокуратура макулдашылбай илинген туу боюнча администрацияга кайрылууну сунуштады