Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:12

Чүй: төрөттөн каза тапкан келиндин өлүмү иликтене баштады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Чүй облусунун Жайыл райондук аймактык ооруканасынын төрөт үйүндө 36 жаштагы келин төрөттөн кийин көз жумду. Саламаттык сактоо министрлиги маалыматты ырастап, окуя боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүү үчүн атайын комиссия түзүлгөнүн билдирди. Ымыркайдын абалы жакшы экенин кабарлады.

Маалыматка караганда, маркум Токтогул районунан төрөтүнө аз калганда келип, каттоого турган. Анын жакындары комментарий бере элек.

5-февралда Бишкектеги №4 төрөт үйүндө 29 жаштагы келин кесарево операциясы учурунда каза тапкан. 14-январда Бишкек шаарындагы №2 төрөт үйүндө эгиз бала төрөгөн келин көз жумган.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматында, Кыргызстанда 2023-жылдын 9 айында 27 аял, 2022-жылы тогуз айда 34 аял төрөттөн каза тапкан.

Economist.kg басылмасы 2021-жылы Кыргызстанда кош бойлуу 100 миң аялдын дээрлик 25и төрөттөн каза болору тууралуу маалымат жарыялаган. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG