Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:00

Орусияда жол инспекторуна пара берүүгө аракет кылган кыргызстандыкка иш козголду


Орусиянын Жол кайгуул кызматынын инспектору автоунааларды текшерип турат. Иллюстрациялык сүрөт.
Орусиянын Жол кайгуул кызматынын инспектору автоунааларды текшерип турат. Иллюстрациялык сүрөт.

Орусияда “Москва — Самара — Оренбург” трассасынын 230 чакырымында Орусиянын Ички иштер министрлигинин Жол кайгуул кызматынын инспекторуна пара берүүгө аракет кылган кыргызстандык жаран кармалып, кылмыш иши козголду. Бул тууралуу ИИМдин Оренбург облусу боюнча башкармалыгынын сайтында кабарланды.

Маалыматта айтылгандай, окуя 28-январда болгон. Кыргызстандын жараны автоунаасы менен жол эрежесин бузган учурда токтотулган. Ал маселени айып пулсуз чечүүнү өтүнүп, инспектордун автоунаасынын ичинде жол тескөөчүгө 1000 рубль сунуштаган. Жол кайгуул кызматкери пара катары берилген каражатты алуудан баш тартып, ИИМдин тиешелүү тобун чакырган.

Атайын топ фактыны каттап, Орусия Федерациясынын Кылмыш-жаза кодексинин 291.2-беренеси (кичи өлчөмдө пара берүүгө аракет кылуу) менен кылмыш ишин козгогон. Бул берененин санкциясы 1 жылга чейин эркинен ажыратуу болуп саналат.

Кыргызстандык жаран 48 саатка кармалган. Расмий маалыматта, анын андан кийинки бөгөт чарасы баяндалган эмес.

Кыргызстандын жарандары Орусияда түрдүү тармактарда, анын ичинде коомдук транспорттордо айдоочу катары жана атайын сервистерде такси кызматында эмгектенгендер да бар. Мындан сырткары кыргыздар Орусиянын аймагында жүк ташуучу автоунааларды айдап, кирип-чыгып турушат.

Тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда, Кыргызстандын 1500гө жакын жараны чет өлкөлөрдө жаза мөөнөтүн өтөп жатат. Алардын басымдуу бөлүгү Орусияда (1167).

Орусияда абакка кесилгендердин көбү баңгизатка байланыштуу айыпталгандар. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда, Орусияда мыйзамсыз маңзат ташуу боюнча 2020-жылы 191, 2021-жылы 324, 2022-жылы 614 кыргыз жараны абакка кесилген. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG