Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:15

Соттолгон кишиге ырайым берүүдөн улам Венгрия президенти кызматтан кетти


Каталин Новак
Каталин Новак

Венгриянын президенти Каталин Новак соңку чырдан улам кызматтан кетерин жарыялады. Буга балдарга сексуалдык зомбулук көрсөткөн деп соттолгон кишиге ырайым берилиши боюнча узаган аптадагы жаңжал себеп болду. Буга байланыштуу телекайрылуусунда Новак “ката кетиргенин” мойнуна алды.

Ырайым жөнүндө документти президенттин кол коюусуна даярдап берген юстиция министри Юдит Варга да аны менен чогуу кызматын тапшырды.

Венгрия – парламенттик республика. Мында көпчүлүк ыйгарым укуктар премьер-министрдин колунда, президент негизинен өкүлчүлүк милдетти гана аткарат. Президентти парламент шайлайт.

Каталин Новак президент болуп бекигенге чейин премьер-министр Виктор Орбандын "Фидес" партиясынын лидерлеринин бири болгон. Ушундан улам талдоочулар бул жаңжал көп жылдан бери кызматта келаткан Орбанга да сокку урушу мүмкүндүгүн белгилеп жатышат.

Мурдараак белгилүү болгондой, Венгриянын президенти Каталин Новак өлкөгө Рим папасынын Францисктин келишинин урматына былтыр 22 адамды ырайым менен абактан чыгарган. Алардын ичинде Бочка деп аталган шаардагы балдар үйүнүн директорунун мурдагы орун басарына да ырайым берилгени маалым болгон. Аталган бала бакчанын директору педофилияга айыпталып соттолуп, анын орун басары фактыны билип туруп, жашырып жүргөнү аныкталган. Ал 3,5 жылга абакка кесилген.

“Азаттыктын” венгр кызматы жазгандай, кеп болуп жаткан адамга ырайым берилгени капыстан чыгып калган. Интернет колдонуучулардын бири апелляциялык соттун чечимдерин карап жатып, президенттин жарлыгын көрүп калган жана андан соң өлкөдө саясий жаңжал чыккан. Оппозициядагы бардык партиялар мындан соң Новактын кызматтан кетишин талап кылып чыгышкан жана Будапешт шаарында аны колдогон акциялар өттү. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG