Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Июль, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:38

Кыргызстанда орточо айлык акы 33 миң 258 сом болду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

2023-жылы Кыргызстанда орточо айлык акы 33 миң 258 сом болгонун Улуттук статистика комитетинин төрагасынын биринчи орун басары Назира Керималиева 12-февралда журналисттерге билдирди.

Анын сөзүнө караганда, былтыркы орточо айлык 2022-жылкыга караганда, 20,3% көп.

Керималиева орточо айлыктын өсүшү мамлекеттик башкаруу, коргонуу, социалдык камсыздоо, суу менен камсыз кылуу жана тазалоо, ошондой эле кыймылсыз мүлк, дүң жана чекене соода, унаа оңдоо, курулуш жана маалымат таратуу тармагында байкалганын белгиледи.

Буга чейин Улуттук статистика комитети 2023-жылы Кыргызстанда керектөөчү товарлар жана тарифтер 2022-жылдын декабрь айына салыштырмалуу 7,3% өскөнүн кабарлаган. Статкомдун анализине караганда, эң көп азык-түлүк эмес товарлар 12,2%, алкоголдук ичимдиктер жана тамеки буюмдары 11,3% кымбаттады. Талдоочулар баалардын эң көп өсүшүн Нарын облусунда каттап, бул көрсөткүч 12,7% түзгөн.

Кыргыз өкмөтү 2022-жылы бюджеттик кызматкерлердин маяналары менен пенсия, жөлөк пулдарды эки эсеге чейин көтөргөн. Ал эми 2023-жылдын тогуз айында айлык акы былтыркыга салыштырмалуу 25,7% өсүп, орточо маяна 32 миң 78 сомду түзгөнүн билдирген.

12-февралдагы расмий курс боюнча 372 долларды түзгөн орточо айлык акы биримдиктеги өлкөлөрдүн ичинен эң аз бойдон калууда. Мисалы, Беларуста орточо айлык акы 638, Арменияда 676, Казакстанда 774, Орусияда 857 долларды түзөт.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG