Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:51

Депутат улгайган ата-энесин карабаган жарандарды мурастан ажыратууну сунуштады


Марлен Маматалиев
Марлен Маматалиев

Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев улгайган ата-энесине камкордук көрсөтпөгөн адамдарды мурастан ажыратууну караган мыйзам долбоорун сунуштады. Тиешелүү документ парламенттин сайтына коомдук талкууга коюлду.

Долбоор “Жарандык кодекске” өзгөртүү киргизүүнү көздөйт. Анда жашы өтүп калган маалда ата-энесин бакпай койгондор, аларды карылар үйүнө берип койгондор жана мурас калтырган кишинин же мурас алуучу кишинин өмүрүн кыйгандар мурасты ала албай тургандай талап киргизилгени турат.

Мыйзам долбоорунда мурасты ата-энесин беш жылдан кем эмес карагандар, анын жубайы, же балдары алышы керектиги белгиленген.

Документтин негиздемесинде Маматалиев анын максаты “мурас алуу процессинин адилеттүүлүгүн жана теңдигин камсыз кылуу, эмгекке жарамдуу, жашы жеткен балдарын ата-энелерине камкордук көрүүгө милдеттендирүү” экенин жазган.

Марлен Маматалиев кары-картаңдардын кам көрүүгө багытталган мыйзамды сунуштаган биринчи депутат эмес. Мурдараак ушуга окшош эле мыйзамды депутат Тазабек Икрамов да сунуштаган. Ал өз долбоорунда улгайган ата-энесин бакпаган адамдарга айып пул салууну же эки жылга чейин эркинен ажыратууну сунуш кылган. Икрамовдун мыйзамы Кылмыш-жаза жана Үй-бүлө кодекстерине, “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүүгө багытталган.

Депутат Тазабек Икрамов сунуштаган мыйзам долбоору 2023-жылдын октябрында Жогорку Кеңеште биринчи окууда кабыл алынган. (ErN)

XS
SM
MD
LG