Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:52

Аба ырайы: Көпчүлүк аймактарда кар жаайт


13-февралда түнкүсүн жана күндүз күндүн биринчи жарымында Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас облусунун айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй облусунун тоолуу райондорунда кар жаайт. Айрым жерлерде туман түшөт.

Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, Ысык-Көл ойдуңунда 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 0…-5, күндүз 5…10

Талас өрөөнүндө түнкүсүн -1…-6, күндүз 4…9

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 0…5, күндүз 11…16

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз 1…6

Нарын облусунда түнкүсүн -11…-16, күндүз -1…-6 градус суук болот.

Бишкек шаарында түнкүсүн жана күндүн биринчи жарымында жаан, кар жаайт. Туман түшүшү мүмкүн. Жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы түнкүсүн 0…-2°, күндүз 7…9° жылуу болот.

XS
SM
MD
LG