Катарда өтүп жаткан футбол боюнча Азия кубогунун биринчи жарым финалдык беттешинде Иордания курамасы 6-февралда Түштүк Кореяны 2:0 эсебинде утуп, өз тарыхында биринчи жолу мелдештин финалына чыкты. Голдорду Язан Аль-Наймат (53-мүнөттө) жана Муса Аль-Тамари (66-мүнөттө) киргизди.
Иордания бешинчи ирет Азия кубогуна катышууда. Эки жолу (2004-2011-жылдары) чейрек финалга чыкса, бул ирет мелдештин финалына жетти.
Тайпалык оюндарда Түштүк Корея менен (2:2) тең ойноп, Бахрейнге 1:0 менен утулуп, Малайзияны 4:0 эсеби менен уткан. Тайпадан үчүнчү орун менен плей-офф баскычына чыгып, 1/8 финалда Ирак курамасын мелдештен четтетип (2:3), чейрек финалда Тажикстанды 1:0 эсеби менен уткан.
Бул беттешке чейин Түштүк Корея менен Иордания бири-бири менен алты жолу ойногон. Иордания эки жолу утулуп, калган төрт оюнда тең чыккан.
ФИФАнын соңку рейтингинде Иордания курамасы 87-орунга жайгашкан. Иорданиянын футболчуларын марроколук Хуссейна Аммута 2023-жылдын жай айынан бери машыктырат.
Футбол боюнча Азия Кубогуну жарым финалына Иордания менен Түштүк Корея жана Иран менен Катар курама командалары чыккан. 7-февралда Иран - Катар курама командалары финалга чыгуу үчүн күч сынашат. Финалдык беттеш 10-февралда болот.
Жарым финалдык беттеш алдында көптөр артыкчылыкты Түштүк Кореяга берип жатышкан. Ага негизги жүйө - команданы алда канча тажрыйбалуу Юрген Клинсманн машыктырып жатканы жана курамадагы Англиянын Премьер-лигасында ("Тоттенхэм") ойногон Сон Хын Мин баштаган тажрыйбалуу оюнчулар бар экени айтылган.
Азия кубогу төрт жылда бир болот. Буга чейин 18 жолу өткөн мелдештерде Жапония төрт жолу, Сауд Арабиясы менен Иран үч жолудан, Түштүк Корея эки ирет чемпион болсо, Кувейт, Катар, Австралия, Израил жана Ирак курамалары бир жолудан чемпион болгон. (GT)
Дагы караңыз
Сот: Шайлоо боюнча кылмыш ишинде Трамптын иммунитети жокУкраинада согуштук абалдын жана мобилизациянын мөөнөтү узартылды Орусиянын абагында кыйноого кабылган борборазиялык жаран каза болдуЧилиде токойлордогу өрт кырсыгынан каза болгондор 123кө жеттиБлинкен Газадагы кырдаалды жөнгө салуу маселесин талкуулоодо6-февраль: ЖМК жөнүндө талаштуу долбоор, эки журналисттин соту, британ падышасынын дартыЕвробиримдик жана МАГАТЭ башчылары Киевге барышты