Сот Ахрор Иминовдун камактагы мөөнөтүн узартты

Ахрор Иминов.

Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча федерациясынын вице-президенти Ахрор Иминовдун камактагы мөөнөтү узартылып, 4-апрелге чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) убактылуу кармоочу жайында калтырылды.

Тиешелүү токтомду Бишкектин Биринчи Май райондук соту 31-январда чыгарганын мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Ахрор Иминов 2023-жылдын аягында кайра камакка алынган. Райондук сот 30-декабрда анын эч жакка чыкпоо тууралуу бөгөт чарасын өзгөртүп, камакка алган.

УКМК Ахрор Иминовду кримтөбөл Камчы Көлбаевдин кылмыштуу тобунун айрым мүчөлөрүн каржылап келген деген шек менен 2023-жылы 11-октябрда кармаган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин “Уюшкан топту түзүү же ага катышуу” беренеси менен айып тагылган.

Атайын кызмат ал жүк ташыган бир катар компаниялардын ишине кийлигишип, алардын кирешесинин болжол менен 30% кылмыштуу топтордун орток кассасына чогултууга катышып жүргөнүн билдирген.

Былтыр 16-ноябрда УКМКнын тергөөчүсүнүн өтүнүчү менен Биринчи Май райондук соту Ахрор Иминовду сыртка чыкпоо жөнүндө тилкат менен камактан бошоткон.

Кыргызстанда “кримчөйрөнүн анабашы” аталган Камчы Көлбаев былтыр 4-октябрда Бишкекте УКМКнын атайын операциясы маалында өлтүрүлгөн. (BTo)

Дагы караңыз

2023-жылы ЕЭАБдеги бажы алымдарын бөлүштүрүүдө дээрлик 24 млрд сом Кыргызстанга тийдиМосквадан кармалып келген Аранова 22-мартка чейин камакка алынды Башкырстанда активистти колдогон акцияларга байланыштуу 34 адам камакка алындыКыргызстандык мушкерлер эл аралык мелдеште үч медал алдыКыргызстан менен Тажикстандын министрлери чек араны тактоо жөнүндө сүйлөштүБеларуста бийликти жана согушту сындаган офицердин иши сотко өттү