Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:58

Кыргызстандык мушкерлер эл аралык мелдеште үч медал алды


Мунарбек Сейитбек уулу.
Мунарбек Сейитбек уулу.

Кыргызстандын бокс боюнча курама командасынын мушкерлери Испанияда өткөн Boxam эл аралык мелдешинде үч медал (1 алтын, 1 күмүш, 1 коло) алды.

Ла-Нусия шаарында өткөн бокс мелдешинде 60 килограммга чейинки салмакта Мунарбек Сейитбек уулу алтын медалга ээ болду. Кыргызстандык мушкер жалпы төрт беттеш өткөрдү. Алгач швейцариялык, чейрек финалда индиялык, жарым финалда шотландиялык жана финалда Мали өлкөсүнөн келген спортчуну утуп, чемпион аталды.

86 килограммга чейинки салмакта Өмүрбек Бекжигит уулу күмүш медал тагынды. Ал эми 80 килограммга чейинки салмакта Сагын Сатыбалды уулу коло медалга татыды.

30-январь күнү башталган Boxam эл аралык мелдеши 3-февралда жыйынтыкталды. Кыргызстандын бокс боюнча курама командасы алдыда Болгариядагы эл аралык мелдешке катышат. 4-февралда башталган беттештер 12-февралда жыйынтыкталат. (TSh)

XS
SM
MD
LG