Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:09

Башкырстанда активистти колдогон акцияларга байланыштуу 34 адам камакка алынды


Башкырстандын Баймак шаарында демонстранттар менен полициянын кагылышуусу. 17-январь, 2024-жыл.
Башкырстандын Баймак шаарында демонстранттар менен полициянын кагылышуусу. 17-январь, 2024-жыл.

Орусиянын субъектиси – Башкырстанда соттолгон экоактивист Фаил Алсыновду колдоо акцияларына катышууга айыпталган кеминде 34 адам камакка алынды. Бул тууралуу Орусиядагы өкмөттүк эмес “ОВД-Инфо” укук коргоо долбоору кабарлады.

Алардын баарына “массалык баш аламандыктарга катышуу” беренеси менен айып тагылды. Анын ичинен 4 кишиге “баш аламандыктарды уюштуруу”, 13 кишиге “бийлик өкүлүнө күч колдонуу” беренелери кошумча илинген. Фигуранттар 18 жаштан 70 жашка чейинкилер экени маалым болду.

Алсыновду колдоо акцияларына байланыштуу 15-январдан 31-январга чейин Башкырстандын сотторуна 163 иш келип түшкөн. Анын 158си ушул күнгө чейин каралса, 67 учур боюнча өкүм чыккан. Көпчүлүгү административдик жаза чара экени кабарланды.

17-январда Башкырстандын Баймак шаарында райондук соттун чечими менен жергиликтүү экоактивист Фаил Алсынов "жек көрүүчүлүкту жана кастыкты козуткан" деген негизде 4 жылга эркинен ажыратылган. Активист ага тагылган айып негизсиз экенин айткан.

Алсыновду колдогон акциялар 15-январдан баштап өтүп келатат. 17-январда бир нече миң киши Баймак райондук сотунун жанына чогулуп, активистти бошотууну талап кылышкан. Полиция алардын тарап кетүүсүн талап кылып күч колдонгондо ортодо башаламандык тутанган. Кийин нааразылыктар ушул эле Баймак шаарында жана Уфа шаарында да уланган. Ага катышкан ондогон адамдар кармалган.

Фаил Алсыновго каршы кылмыш ишинин козголушуна анын 2023-жылдын апрель айындагы сөзү себеп болгон. Адвокаттын айтымында, активистти "кара халык" деп айтканы үчүн айыпташкан. Жактоочунун белгилешинче, бул жерде сөз “кара” эмес, “жөнөкөй” деген мааниде айтылган.

Алсынов мурда "Башкорт" деген уюмдун жетекчиси болчу. Бул уюмду Орусиянын бийлиги 2020-жылы "экстремисттик" деп жарыялап, өлкө аймагында ишмердүүлүк жүргүзүүсүнө тыюу салган. Активист 2018-жылы Башкырстандын Ишимбай районунда жайгашкан Куштау тоосун коргоп калуу үчүн уюштурулган акциялардын катышуучусу болгон. Бийлик тоону “Башкыр сода” компаниясына өткөрүп берүүгө аракет кылган, бирок активисттердин аракети менен ага жаратылыш эстелиги деген макам ыйгарылган. (ErN)

XS
SM
MD
LG