Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 08:47

Москвадан кармалып келген Аранова 22-мартка чейин камакка алынды


Каныкей Аранова. Сүрөт соцтармактагы баракчасынан алынды.
Каныкей Аранова. Сүрөт соцтармактагы баракчасынан алынды.

1-февралда Москвадан кармалып келген Каныкей Аранова 22-мартка чейин камакка алынды. Маалыматка ылайык, анын бөгөт чарасы буга чейин эле сыртынан тандалып, 2-февралда Бишкектин Биринчи Май райондук соту аны камакта кармоонун мөөнөтүн гана аныктады.

Райондук соттун басма сөз кызматы “Азаттыкка” билдиргендей шектүүнүн камактагы мөөнөтүн аныктап берүү өтүнүчүн сотко Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө кызматынын тергөөчүсү берген.

Каныкей Арановага Кылмыш-жаза кодексинин “Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу” жана “Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар” беренелери менен айып тагылганы белгилүү болду.

Буга чейин социалдык түйүндөрдө Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча маселе көтөрүп жүргөн Каныкей Аранова 1-февралда Москвадан кармалып келгени кабарланган. Бул тууралуу “Азаттыкка” эжеси Ырысгүл Аранова билдирип, аны менен кошо 11 жаштагы кызы да алынып келгенин, тергөөчүлөр кызды Ошко учак менен салып жиберип тосуп алганын айткан.

Ички иштер министрлиги Каныкей Аранованын иши боюнча комментарий бере элек.

37 жаштагы Каныкей Аранова 2022-жылы октябрда Өзгөн райондук сотунун чечими менен Укук бузуулар кодексинин “Майда ээнбаштык” беренеси менен 30 саатка коомдук иштерге тартылган. Ага “Куршаб айылында көчөдөгү жарандарды жана кызматтык милдетин аткарып жаткан бийлик өкүлдөрүн шылдыңдап, жеке аброюна шек келтирген” деген айып тагылган. (BTo)

XS
SM
MD
LG